ФОНД (#15458)

*Кудайдын бардык достору... мейли аз болсо да, марттык менен мүмкүнчүлүгүнө жараша кайыр-төлөмдөрүн берүүлөрү керек. Кудай өз пендесине ал көтөрө алгыс түйшүк бербейт. Кайыр-төлөмдөр бардык борборлордон жана ишенимдеги бардык адамдардан келүүгө тийиш.… О, Кудайдын достору! Ушул берген кайыр-төлөмүңөр үчүн айыл чарбада болобу, өнөр жай же соодаңарда болобу өсүп-өнүгүү ыроолоп, эселеген кут-берекеге ээ болооруңарга ишенип койгула. Ким бир жакшы иш кылса, ал он эсе сыйлык алат. Ким Анын жолуна Өзүнүн байлыгын сарптаса, аларга Тирүү Теңир көмөгүн молунан берээри шексиз. 

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сени чындап сүйгөндөрдүн маңдайын жарык кыл жана периштелериңдин жеңиштүү кошуундары менен аларды колдо. Өзүңдүн түз жолуңда кадамдарын чыңда, эзелтен берки түбөлүктүү жоомарттыгың менен алардын алдына кут-берекеңдин дарбазасын кенен ач, анткени алар Сенин Ишенимиңди коргоп, Өзүңө үмүт артып, Сага болгон сүйүүгө жүрөктөрүн арнап, Сулуулугуңа суктанып, Сени ыраазы кылууга умтулуп, ээлик кылгандарын эч аябастан, Өзүң берген ырыскыны Сенин жолуңда сарпташууда.
О, менин Теңирим! Аларга мол ырыскыңды, убада кылынган сый-белектериңди насип кыл. Сен, акыйкатта, Коргоочусуң, Жардамчысың, Жоомартсың, Изгисиң, Түбөлүк Сыйкорсуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

