Уй-бүлө (#15454)

О, Кудайым, Өзүңдүн кечиримиңди сурап Сага жалбарам, пенделериңдин Өзүңө кандай таризде кайрылышын каалаган болсоң, так ошондой таризде ырайымыңды тилеп жалынам. Өзүңдүн Теңирчилигиңе жараша биздин күнөөлөрүбүздү кече көр, Өзүңдүн чексиз күчүң менен жана асмандагы кудуретиңдин даңкына ылайык, менин, ата-энемдин жана Сенин түшүнүгүң боюнча сүйүүңдүн сарайына кирди деп саналгандардын күнөөлөрүн кечир деп суранам. 
О, кагылайын Кудайым! Менин жанымды Өзүңө сыйынууга шыктандырдың, Сенин каалооң болбосо, Сага кандайча кайрыла алат элем.  Даңктуусуң жана Улуксуң; Өзүңдү мага ачып бергениң үчүн Сени даңктай алам жана Өзүңдү таанып-билүү милдетимди аткара албаганым үчүн, Сенин сүйүүңдүн жолунда ийгиликтүү боло албаганым үчүн кечирим сурайм.

-The Báb
-----------------------

