ТАЙБАСТЫК (#15446)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен өкүнүү менен Сага кайрылам, акыйкатта, Сен Кечиримдүүсүң, Боорукерсиң! 
О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сага кайттым, акыйкатта, Сен Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң! 
О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сенин жоомарттыгыңдын учугун бек кармадым, көк менен жердеги баардык казыналар сага таандык.
О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Өзүңө шашылдым, Сен акыйкатта Кечиримдүүсүң, кут-берекенин Теңирисиң!
О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сенин Кайрымдуулугуңдун көктөгү шарабына чаңкап турам; Сен акыйкатта, Берүүчүсүң, Жоомартсың, Ырайымдуусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. 
О, Кудай, кагылайын Кудайым! Өз Ишиңди ачып бергениңе, убадаңды аткарганыңа жана Өз ырайымыңдын асманынан Сен тандап алган пенделериңдин жүрөктөрүн Өзүңө тарта турган күч жибергениңе күбөмүн. Сенин чыйрак жибиңди бекем карманып, нур чачкан этегиңе жармашкандар бактылуу! 
О, баардык жандуунун Теңири, көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн Падышасы, Сенин күчүң менен, Сенин улуулугуң менен жана Сенин Бийлигиң менен суранам, ыймансыздар ак жолдон тайдыра албаган, Өзүңдүн нурлуу ажарыңан бура албаган ишенимдүү пенделериңдин арасына даңк калемиң менен менин ысымымдын жазылышын буюра көр. Дубаларды кабылдап жана аларга жооп берген Өзүңсүң, о, Аллам.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15447)

Сен даңктуусуң, о, Теңир, айланайын Кудайым! Өзүңдүн эң улуу Ысымың ким болсо, Ошонун аты менен жалынам, Сенин акыйкатыңды четке каккан пенделериңдин колунан катуу жапа чеккендин аты менен жалынам, тил айтып жеткирүүгө мүмкүн болбогон азапатарга туш болгондун аты менен жалынам - бардыгы Сенин сулуулугуңдан жүз буруп, Сага каршы чыгып, Өз Ишиңди аманат кылып тапшырган Жарчыңдан текебердик менен баш тарткан ушул күндөрдө Сени эскерип, Өзүңдү даңазалоого уруксат эт! О, менин Теңирим, Өзүңдөн башка жардамчың жок, Өзүңдүн күчүңдөн башка эч бир күч сени колдой албайт.
Өзүңө жалбарам - Сенин сүйүүңдү бекем карманууга жана Сени эскерип жүрүүгө ракым эт. Акыйкатта, буга дарманым жетет, Сен мен жөнүндө баарын билесиң. Акыйкатта, Сага бардыгы белгилүү, бардыгынан кабардарсың. О, менин Теңирим, бүтүндөй дүйнөнү жарык кылган Сенин ажарыңдын  нурунан мени айрый көрбө. Күчтүүнүн Күчтүүсү, бардыгынан Даңктуу, түбөлүк Кечиримдүү, Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15448)

О, Алла, кагылайын Кудайым, мен күбөмүн, Сен эзелтеден кол жеткис улуулугуң жана кудуретиң менен бийиксиң жана түбөлүккө чексиз күчүң менен жана даңкың менен кала бересиң. Көк менен жер падышалыктарында эч ким Сенин максатыңа тоскоол боло албайт, аян дүйнөсү менен болмуш дүйнөсүндө эч ким Сага үстөм боло албайт. Өзүңдүн буйругуң менен каалаганыңды кыла аласың жана бийлигиңдин күчү менен Өзүң каалагандай башкарасың.
О, таңды Жаркыратуучу, о, Сен, көк менен жердеги бардык жандардын алдында сүйүүңдүн отун Жандыруучу, Өзүңдүн жаратуу дүйнөңдө Сенин акылмандуулугундун майы менен алоолонуп жанып турган шамчырагың менен Сага жалынам – мени Сенин асманыңа көтөрүлгөндөрдүн бири кыла көр жана Сенин эркиңе өзүнүн эркин багындыргандардан кыл. 
Мен эч ким да, эч нерсе да эмесмин, Теңирим, а Сен бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. Мээримиң жана Жоомарттыгың менен мага ырайым кыл, Өзүңө жана Сен сүйгөндөргө кызмат кылууга жардам бер. Эмнени кааласаң, ошону аткаруу Сенин бийлигиңде. Сенден башка Кудай жок, күчтүн, даңктын жана акылмандыктын Теңирисиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15449)

Сага алкоолор болсун, о Теңирим, Сүйүктүүм менин! Сенин Ишиңде туруктуу болуума жардам бер, осуятыңды бузбаган жана өзүнүн куру кыялдарына Кудай сыяктуу жүгүнбөгөндөрдүн арасында болууну мага насип кыл. Өзүңө жакын жайдан ылайыктуу орунду ээлөөгө уруксат эт, ырайымдуулугуңдун жышаандарын тартуула жана коркууну билбес, кайгыга чөмүлбөс пенделериңе кошулууга мүмкүнчүлүк бер. 
О, менин Теңирим, мени өз эркиме калтыра көрбө, Өзүңдүн көрүнүшүң болгон Элчиңди таануу ырыскысынан айырба жана Өзүңдүн жакындыгыңдан баш тарткандардын арасына кошо көрбө. 
О, кагылайын Кудайым, Сенин Сулуулугуңдун ажарын көрүү урматына кимдер арзыган болсо жана көк менен жер падышалыктарына же бар жаратылган ааламдарга өкүмдарлык кылган бийликке да алмашкыс мындай көз ирмемдик улуу ырахатка ким баткан болсо, мени да ошолордун бири кыла көр. 
О, Теңир, Сенин жериңдеги элдер жолунан адашып камыгып турган чакта мага ырайым кыл; О, Кудайым, Өзүңдүн түшүнүгүңдө эмне жакшы, эмне жаман экенин мага ачып бер.
Сен, акыйкатта Кудуреттүүсүң, Боорукерсиң, Жоомартсың, Кечиримдүүсүң. 
О, айланайын Кудайым, кулактары дүлөй, көздөрү сокур, тилдери дудук, жүрөктөрү жансыздардын арасына мени кошо көрбө. О, Аллам, түркөйлүктүн отунан, өзүмчүл эңсөөлөрдөн куткар, Өзүңдүн чексиз кайрымыңдын жайына жетүүгө ракым эт жана Өзүңдүн тандалма жандарың үчүн эмнени камдасаң, ал ырыскыдан мени да кем кылба. Эмнени кааласаң, ошону аткаруу Сенин эркиңде. Акыйкатта, Сен коркунучта Жардамчысың, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң.

-The Báb
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15450)

О, Кудай, Сага Даңк жана Мактоолор болсун! Өзүңдүн ыйык жакындыгыңа жеткен күндү келтире көр. Сүйүүңдүн күчү жана ырайымың менен биздин жүрөктөрүбүздү шыктандыр жана Өзүңдүн эркиң менен буйругуңа чын көңүлдөн баш ийгендей бизге туруктуулук бер. Акыйкатта, Сенин билимиң Өзүң жараткан же жарата турган нерселердин баарын камтыйт, ал эми Сенин күчүң Өзүң жашоо берген жана жашоо бере турган нерселердин бардыгынан жогору турат. Сенден башка сыйына турган эч ким жок, Сенден башка эңсей турган эч нерсе жок, Өзүңдөн бөлөк аздектей турган эч ким жок, Сенин ырайымыңдан башка сүйө турган эч нерсе жок.
Акыйкатта, Сен жогорку Башкаруучусуң, жогорку Акыйкатсың, коркунучта Жардамчысың, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң.

-The Báb
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15451)

О, айланайын Кудайым, акыйкатта, мен Сенин пендеңмин, Сенин бечераңмын, Сенин мусаапырыңмын, Өзүң жараткан бир алсыз жанмын. Мен Сенин мекен-жайыңды издеп, дарбазаңдын алдына келдим. Сага болгон сүйүүмдөн башка эч нерседен тынчтык таба албасмын, Сени эскерүүдөн башка ырахат ала албасмын, Сага баш ийүүдөн башка умтулуум жок, Сага жакын болуудан башка кубаныч жок, Сага кошулуудан башка бейкуттук жок, бирок мага маалым, жаратылгандын баары Сенин улуу маңызыңдан алда канча алыс жана бардык жаратылыш Сенин ыйык Болмушуңа жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Мен Сага жакындаганга аракет кылган кезде, Сенин кут-берекеңдин белгилерин гана сезе алам жана назик камкордугуңдун ачылыштарын гана туям. Жаратылгандардын эч бири Сени менен эч качан байланышта боло албаса жана Өзүңдү таанууга эч кимдин кудурети жетпесе, Өзүң жараткан пендең Сени менен биригүүгө жана Сага жакындыкка ээ болууга умтула алабы? Өз өкүмчүлүгүңдүн ачылмасы менен Өз бийлигиңдин керемет далилдерин ал үчүн камдап берген күндө да, момун пендең Өзүңдү толук таанып-биле алабы, Өзүңө алкоо айта алабы? Ошондуктан, жаратылгандын баары Сенин ыйык жайың алар үчүн жабык экенин тастыктайт, анткени анын ички маңызы чектелүү. Ошондой болсо да, Сенин колуң менен жаратылгандарды түбөлүккө Өзүңө карай тартып турган күчтүн бар экени шексиз, бирок жаратылгандар кандай гана иш-аракет кылбасын, Сенин Ыйык сарайыңдын денгээлине көтөрүлө албайт. Мындан айкын көрүнүп тургандай, о, Кудайым, Өзүңдү татыктуу алкоого мен таптакыр алсызмын, Өзүңө татыктуу ыраазылык билдирүүгө жөндөмсүзмүн, ал эми Сенин Кудайлык биримдигиңди толук түшүнүүгө же Сенин даңкыңдын, ыйыктыгыңдын жана сулуулугуңдун ачык белгилерин түшүнүү үчүн өтө эле чабалдык кылам. Ошентсе да, Сенин кудуретиң менен ант берем, Сенден башка эч нерсеге умтулбайм жана Сенден башка эч кимди издебейм.

-The Báb
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15452)

О, кагылайын Теңирим, Сен эзелтен бери болгонсуң жана кылымдар бою жападан жалгыз акыйкат Кудай болуп кала бересиң, ал эми Сенден башканын бардыгы жакыр жана бечара. О, айланайын Кудайым, Сенин Жол башчы учугуңду бекем кармап, адамдар дүйнөсүнөн баш тарттым, өзүмдүн жүзүмдү Сенин назик ырайымдуулугуңдун мекен-жайына буруп, бүтүндөй бардык жаратылгандардан терс бурулдум. О, Кудайым, Өзүңдүн ырайымың жана берекең менен, даңкың жана улуулугуң, күчүң жана көркүң менен шыктандыр мени, анткени мен Сенден башка күчтүү жана баарын билүүчү эч кимди таба албайм. О, Алла Таалам, Өзүңдүн бардыгын камтый алган жана бардыгына жеткилең даңкыңдын кудурети менен, көктөгү жана жердеги күчтөр менен корго мени, анткени Сага ишенгендей башка эч кимге толугу менен ишене албайм жана Сенден башка жубата турган да эч кимим жок. 
Кагылайын Теңирим, нак Кудайдын өзү Сенсиң, менин муктаждыгым Сага белгилүү, менин абалымды да көрүп турасың, Өзүңдүн эркиң менен тагдырыма эмне туш келгенин, Өзүңдүн Жоомарттыгың жана Мээримиң менен бу дүйнөдө башымдан кандай азаптар өткөнүн билесиң.

-The Báb
-----------------------

ТАЙБАСТЫК (#15453)

О, айланайын Кудайым! Сенин даңкыңа ылайык келгендей деңгээлде Өзүңдү таанып-биле албадым жана менин абалыма ылайык келгендей Сенден корко албадым. Мына ушундай абалда туруп, Сен жөнүндө мен кандайча эскере алам, Сага ибадат кылуу милдетимди аткара албаган соң, жүзүмдү буруп кантип Өзүңө карай алам?
Сен мени бул жашоого Өзүңдүн күчүң менен кудуретиңди көрсөтүү үчүн чакырган жоксуң, күчүң менен кудуретиң ансыз да айдан ачык; Сен Кудайсың, эч нерсе жарала элек кезден бери эле кылымдар бою барсың. Акыйкатта, Сен Өзүңдүн Кудайлык күчүң менен бизди бир гана максатта жараттың, Өзүңдү Эскерүү Ким болсо, Ошонун керемет алдында ырайымың катары ысымыбыз аталсын дедиң.  
О, айланайын Кудайым, Сен мага Өзүңдү таанып билүү үчүн үйрөткөн нерсеңден башка, Сен жөнүндө эч нерсе билбейм, ал билгеним да менин дараметим менен күнөөлөрүмдүн айынан чектелген билимимди  чагылдырат. Өзүңө толугу менен берилген мен мына, о Кудайым, Сен каалаганды аткарууга даярмын. Сен Кудайсың, Сенден башка Кудай жок, Өзүңө теңдеш эч нерсе жок, Сага окшой ала турган да эч нерсе жок экендигин таанып, Сенин ырайымыңдын аяндары алдында момундук менен кулдук урам. Сенин улуулугуңа ылайык келгендей деңгээлде Сен Өзүң буга күбөсүң.

-The Báb
-----------------------

