НООРУЗ (#15464)

*Бахаи орозосу Бахаи календарынын Ала (Бийиктик) айы ичинде кармалат. 

О, Кудайым, Сүйүктүүлөрүңө туткула деп буйрук кылган Орозоңдун биринчи күнү мына. Өзүңдүн маңызың менен жалынам, өз кызыкчылыгы же кумар-каалоосу менен эмес же Өзүңдүн каарыңдан коркконунан эмес, Сага болгон сүйүүсү жана ырайымың үчүн Орозо туткандардын аты менен, ошондой эле Өзүңдүн кынтыксыз ысымдарың менен, улуу касиеттериң менен жалынам, кулдарыңды Өзүңдөн башканы сүйгөндөн сакта, аларды Өзүңдүн ажарыңдын жаркыраган Таңына, Өзүңдүн бирдигиңдин Тагына жакындат. О Кудай, алардын жүрөктөрүн Өзүңдүн билимиң менен нурландыр жана жүздөрүн Өзүңдүн Эркиңдин көк мейкининде жанган Күндүзгү Жылдызыңдын нурлары менен жаркырат. Каалаганыңды ишке ашырууга Бийлигиң бар. Бардыгын Башкаруучу, бардык адамдар жардам сурап кайрылган Сенден бөлөк Кудай жок. О, Аллам, аларга Сенин Сөзүңдү көкөлөтүүгө, Өзүңө жеңиш алып келүүгө жардам бер. Аларга пенделериңдин арасындагы Сенин Ишиңдин колдору болууга уруксат эт, адамдар арасындагы Өз диниңдин көрүнүшү кыл, Өз жышаандарыңа айлант, ошентип бүт аалам Өзүңдү эске алып, Өзүңө айтылган алкоолорго, Өзүңдүн жышаандарың менен далилдериңе толсун. Акыйкатта, Сен Жоомартсың, Бийиксиң, Өкүмдарсың, Кубаттуусуң, Мээрмансың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15465)

Бардыгын Билүүчү, Көрөгөч Кудайдын Китептеринде Убада кылынгандын аты менен! Өзүңдүн Тагыңды курчап, жакындыгыңа ээ болгон кулдарың туткан Орозо күндөрү келди. Айт: О, асман-жердин Жаратуучусу, ысымдардын Кудайы! Баарынан Даңктуу деген Өзүңдүн ысымың менен жалбарам, Өзүңө болгон сүйүүсү үчүн жана ырайымың үчүн Орозо кармап, Китебиңде, Ыйык Насааттарыңда айтылган буйруктарыңды аткаргандардын Орозосун кабыл кыла көр. Алардын аты менен Сага жалынам, мага Өзүңдүн Ишиңди илгерилетүүгө жардам бер, Өзүңө болгон сүйүүмдү туруктуу кыл, жараткандарыңдын жосундары жолумдан тайдыра албагандай болсун. Эмнени кааласаң, ошону буйрук кыла аласың. Жандандыруучу, баарынан Күчтүү, баарынан Жоомарт, Түбөлүктүү Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15466)

Даңкың арта берсин, о Жараткан Алла! Сенин буйругуңа ылайык Орозо тутуп, эми Сенин эркиң менен ооз ачып жатабыз. Сенин сулуулугуңа суктанып, Өзүңдүн ишиңе берилип, Өзүңдөн башканын баарынан бошонуп Сенин жолуңда жасаган иштерибизди кабыл кыла көр. Бизге, ата-бабаларыбызга жана бул ары улуу, ары даңктуу Ачылмаңда Сенин кудуреттүү жышаандарыңа, Өзүңө ишеним арткандардын баарына кечиримиңди тартуула. Каалаганыңды жасоо Өз эркиңде. 

Сен, акыйкатта, эң Бийиксиң, эң Кудуреттүүсүң, Чексизсиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15467)

О менин Кудайым, о менин Төрөм! Өзүңө каршы чыгып, Өзүңө каршы күнөө жасаган пенделериңдин арасында мени көрүп турасың. Ар жолу мен аларды Сенин билимиңдин мухитине чакырган сайын, алар ого бетер өжөрлөнүп Ишиңди четке кагып, Сенин Эркиңдин Таңынан барган сайын алыстап бара жатышат. Сага болгон сүйүүсү үчүн Орозо тутуп, Сенин жоомарттыгыңдын колунан момундуктун мүрөк суусун ичкендердин аты менен Өзүңө жалбарам, Өзүңдүн сыноолоруңдун куйкалаган нуру алдындагы сүйүктүүлөрүңө чыдамдуулук учугун бекем карматып, Өз Китептериң менен Ыйык Насааттарыңда аныктаган кут-берекелериңди буюра көр. Сенин атың менен кайгы-касиретке туш болуп, Сенин жолуңда шейиттикти кабылдаган пенделериңе сыйлыктарыңды тартуула. Мындан сырткары, аларга жүрөктөрүн шаттандырган, көздөрүн соороткон, жандарын жыргаткан нерселерди насип кыла көр, о Кудай! Сен, акыйкатта, эң Күчтүү, эң Бийик, коркунучта Жардамчы, баарын Билүүчү, баарынан Акылмансың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15468)

Даңкың арта берсин, о менин Кудайым! Өзүңдүн тандалма жандарыңа, сүйүктүүлөрүңө жана кулдарыңа буйрук кылган Орозо күндөрү келди. 
Сенин Бирдигиңди тааныгандар үчүн Намаз парзын Өзүңдү көздөй көтөрүлүүгө шаты кылып берген сыяктуу эле, Орозону да Өз падышалыгыңдын адамдары үчүн жарыкка айланттың. Жалпы адамзат үчүн даңк менен урмат катары аныктаган бул эки кудуреттүү тирегиңдин аты менен жалынам, Өз диниңди ыймансыздар менен ар кандай бузукунун арам оюнан корго. 
О, Жараткан Алла, Өзүңдүн күчүң жана кудуретиң менен түшкөн жарыкты жашырба. Өзүңө чын дили менен ишенген пенделериңе Өз амириң менен, кудурет-күчүң менен көрүнгөн жана көрүнбөгөн кошуундарыңды жардамга жөнөт. 
Баарынан Кудуреттүү, баарынан Күчтүү Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15469)

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага алкоо! Караңгылыкты жарыкка айланткан, эл каттаган Ибадаткана курган, Ыйык Насааттар менен ыйык Түрмөк Катты ачыктаган Өзүңдүн Ачылмаң менен Сага жалынам – мага жана менин шериктериме Өзүңдүн көктөгү даңк асманыңа көтөрө турган жана ишеними бошторго Өзүңдүн биримдик чатырыңа кирүүгө тоскоол болчу бузуку күмөн ойлордон тазалай турган көмөгүңдү жибер. 
О, айланайын Теңирим, Сенин назик камкордугуңдун учугун бек кармап, Өзүңдүн мээримиң менен берекеңдин этегине жармашкан пендеңмин. Мага жана мен сүйгөндөргө бу дүйнө менен о дүйнөнүн жыргалчылыктарын бере көр. Жараткандарыңдын ичинен эң тандалма пенделериңе даярдаган Касиеттүү Сыйыңды алар үчүн да аныкта. 
 О, Теңирим, Өз пенделериңе буйрук кылган орозо күндөрү мына. Өзүңдөн башканын баарынан баш тартып, Сенин ыраазылыгың үчүн гана орозо туткан пенделериң бактылуу. 
Жараткан Алла, мага жана аларга бир Өзүңө багынууга, буйруктарыңды аткарууга жардам бер. 
Акыйкатта, эмнени кааласаң ошону жүзөгө ашыруу Өзүңдүн эркиң. Бардыгын Билүүчү, бардыгынан Акылман Сенден бөлөк Кудай жок. Бардык алкоолор бүт ааламдардын Теңири, Кудуреттүү Кудайга болсун.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15470)

Күчү жаратылгандын баарына тараган, о, ырайымдуу Кудай, Сенин кулдарың эркиңе ылайык буйругуңду аткарып, күнү кечке орозо тутуп жатканын көрүп турасын, таң заарда туруп Өзүңдү эскерип, Өзүңө алкоо айтып, жоомарттыгыңдын берекелүү казынасында катылган белектериңе ээ болууга үмүт артып турганы сага маалым. Бар жаралышты колунда кармап турган, Өзүңдүн ысымдарың менен касиеттериңдин падышалыгын алаканында туткан, о Алла, Өзүңө жалынам – Сенин Күнүңдө ырайымдуулугуңдун булуттарынан төгүлгөн агымдардан пенделериңди ажыратпа, мээрмандык мухитиңен өз үлүшүнө ээ болууга тоскоолдук кылба. 
О, айланайын Теңирим, Сенин бийлигиңдин жана өкүмчүлүгүңдүн улуулугу жөнүндө жердин ар бир кымындай чаңы да күбө өтөт; Өзүңдүн даңкыңдын жана кудуретиңдин улуулугун Ааламдын бардык жышаандары ырастайт. О, бар-жоктун жогорку Өкүмдары, түбөлүктүү Падыша, бардык элдердин Башкаруучусу, Сенин осуяттарыңдын учугун карманып, эркиңдин асманынан жөнөтүлгөн мыйзамдарыңдын ачылмасы алдында башын ийген пенделериңе ырайымдуулук кыла көр. 
О, айланайын Теңирим, назарыңды салчы, алар Сенин назик камкордугуңдун күн чыгышына карай тигиле карап турат, жүрөктөрү Сенин кайрымдуулук мухитиңе ашыгат, Сенин эң Даңктуу деген ысымыңдын урматына Өзүңдүн эң бийик мекениңден үн салган Сенин мукам добушуңдун алдында алардын добушу үн катпай тынчыйт. О, кагылайын Теңирим, Сен ээлик кылган нерселерге ээ болуу үчүн колундагысынын баарын багыштаган, сыноолор менен азап-тозоктор тооруган Өзүңдүн сүйгөндөрүңө жардам бер, алар бул дүйнөдөн жүзүн буруп, Өзүңдүн даңк падышалыгыңа умтулушту. Суранам, о Аллам, аларды бузуку кумар менен эңсөөлөрдөн корго, бу дүйнө менен о дүйнөдө пайда алып келе турган нерселерге ээ болууга жардам бер. 
О, айланайын Теңирим, жаратылгандар дүйнөсүндө үнүн үстөм чыгарып, сапардын соңундагы Даракка, бүтпөс даңкка бүт элдерди чакырган Өзүңдүн касиеттүү, ары асыл Ысымың менен жалынам - бизге жана Өз пенделериңе ырайымдуулугуңдун мол жамгырын төгө көр, ал бизди Сенден башканы эске алуудан тазаласын, Өзүңдүн кут-берекеңдин жээгине бизди жакындатсын. О, Теңирим, Сенин Ыйык Калемиңдин күчү менен биздин жаныбызга даңк Сарайыңда өлбөстүктү тартуула, Өз падышалыгыңда ысымыбызды кылымдар бою өчпөс кыл, өмүрүбүздү Өзүңдүн коргоо казынаңда сакта жана денебизди Өзүңдүн бузулбас чебиңде жашыр. Өткөндүн да, келечектин да үстүнөн Өзүң гана бийлик жүргүзө аласың. Бардыгынан күчтүү Коргоочу, Өзүн Өзү бар Кылуучу Сенден бөлөк Кудай жок. 
О, Жараткан, алаканыбыз Сенин ырайымыңдын жана белектериңдин асманына карай жайылганын көрүп турасың. Аларды Өзүңдүн ченемсиз жоомарттыгыңдын жана мол берекеңдин казынасынан толтура көр. Бизди, аталарыбызды жана апаларыбызды кечир, Сенин ырайымыңдын жана кут-берекеңдин мухитинен эмнени эңсесек, ошону бизге ыраа көр. О, биздин жүрөгүбүздүн Ашыгы, Сенин жолуңдагы бардык эмгектерибизди кабыл кыл. Сен, акыйкатта, бардыгына бийлик Кылуучу, өтө Жогору, Теңдешсиз, Жалгыз, Кечиримдүү жана Боорукерсиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НООРУЗ (#15471)

*(Нооруз – бахаи календарында жылдын биринчи күнү)

О менин Кудайым, Сага деген сүйүүсү үчүн Орозо кармап, Сага жакпагандын баарынан баш тарткандарга Ноорузду майрам кылып тартуулаганың үчүн Өзүңө алкоо айтабыз. О, Жараткан Теңир, Өзүңдүн сүйүүңдүн оту жана Орозонун ысык илеби аларды Ишиңе кызмат кылууга жалындатып, бар өмүрүн Сени эскерүү менен Өзүңө алкоо айтууга арнасын. 
Аларды Өзүң буйрук кылган Орозонун саймалары менен кооздодуң, о Кудайым, изгилигиң жана жоомарттыгың аркылуу аларды Өзүңдүн кабылдооң менен да көрктөндүр. Анткени, адамдардын бардык иштери Өзүңдүн ак батаңдан көз каранды жана Сенин буйругуң менен аныкталган. Эгер Сен кааласаң, Орозо мыйзамын бузган адам аны кармаган катары кабылданып, ал кылымдардан бери орозо туткандардын катарына кошулат. А эгер Сен орозо кармагандарды бул мыйзамыңды бузду деп эсептесең, алар Сенин Ачылмаңдын Көркүн булгагандардын катарына кошулуп, бул мөлтүр тунук мүрөк сууңдун Башатынан алыс калат. 
Сен аркылуу “Өз эмгектериңде Сен алкоого татыктуусуң” деген туу көккө көтөрүлдү жана “Сенин мыйзамдарыңды аткарууда Сага багынышат” деген желек желбиреди. О, Кудайым, Өзүңдүн бул акыйкатыңды кулдарыңа айкын эте көр, алар бар жаралыштын кынтыксыздыгы Өзүңдүн амириң менен Сөзүңдөн көз каранды экенин, бардык иштердин маңызы Өзүңдүн эркиң менен ырайымыңа шартталганын анык билишсин жана адамдардын бардык иш-аракетинин тизгини Өзүңдүн кабылдооң менен Осуятыңдын колунда экенин түшүнүшсүн. Муну пенделериңе жеткиз, бул күндөрдө аларды Сенин Сулуулугундан эч нерсе баш тарттыра албагандай болсун, бул күндөрдө Иса мындай деп жар салган эле: “Сен бардыгына үстөмдүк кыласың, о Рух Атасы”  жана сенин Досуң  үн каткан: “Бардык алкоолор Сага болсун, о менин эң Сүйүктүүм, анткени Сулуулугуңду көрсөттүң жана Өзүңдүн тандалма жандарыңа Жогорку Ысымыңдын Аян Тагына жетүүгө көмөгүңдү айкындап бердиң, ал аркылуу Сенден башканын баарынан баш тартып, касиет-маңызыңдын Ачылмасына жүз бурбагандардын бардыгы көз жаш төгүп мөгдөмөкчү”.
О, Жараткан Аллам, Сенин Бутагың жана Сенин бардык жамаатың Өзүңдүн 
ырайымыңа үмүт кылып кармаган орозолорун аяктап жатат. Ал үчүн жана алар үчүн, бул күндөрү Сенин жакындыгыңа ээ болгондор үчүн Китебиңде аныктаган бардык кут-берекеңди насип кыла көр. Аларга бул дүйнө менен о дүйнөдө пайда алып келе тургандарды аныктап бер. Акыйкатта, Сен баарын Билүүчүсүң, баарынан Акылмансың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

