НИКЕ (#15460)

*Бахаи никеси - жүрөктөрдүн жакындыгына негизделген эки тараптын баш кошуусу. Бирок алар өтө этиятиык менен бири-биринин мүнөзүн жакшылап билип алгандары оң. Бул түбөлүк байланыш бузулбас келишим менен бекитилүүгө тийиш; ынтымакты, жолдошчулукту, биримдикти өнүктүрүүгө умтулуп жана түбөлүктүү жашоого ээ болууга аракет кылуу керек.

 


Руханий Жыйын тарабынан аныкталган кеминде эки күбөнүн катышуусунда болочок жубайлардын ар бири өзүнчө айта турган нике анты Агдас Китебинде (Ыйык Китепте) берилген:


*«Акыйкатта, биз баарыбыз Кудайдын эркин аткарабыз».

Ал Сыйкор, Жоомарт! Бардык алкоолор Түбөлүктүү, Эзелки, Өзгөрүлбөс бир Кудайга! Ал Өзүнүн акыйкатында, Жалгыз, Чексиз, Бийик экенине күбө. Биз, акыйкатта, Өзүнүн Бирдигин ырастаган, Өзүнүн бөлүнбөстүгүн тааныткан, Андан бөлөк Кудай жок экендигине күбөбүз. Ал кол жеткис бийикте, улуулугунун туу чокусунда түбөлүк мекендейт, Өзүнөн башка кимдин болбосун эскерүүсүнөн алда канча жогору турат, Өзүнөн башка бардыгы үчүн кол жеткис. Ал адамдарга кут-береке менен кайрымын жөнөтүүнү каалап, жер үстүндө тартип орноткусу келгенде Өз жоболору менен мыйзамдарын ачты, алардын бири катары нике мыйзамын бекитти, аны бакубаттык менен куткаруунун сепили кылды, ыйыктыктын асманынан түшүрүлгөн Касиеттүү Китебинде Өз аяттары менен бекитти. Улуунун Улуусу, даңктуунун Даңктуусу Ал мындай дейт: «О, адамдар, никеге тургула, пенделеримдин арасында Мени эскере турган перзент туулсун. Менин силерге буйругум ушундай; таяныч катары аны бекем кармагыла».

-Bahá'u'lláh
-----------------------

НИКЕ (#15461)

Ал - Кудай!
О, Теңдешсиз Теңир! Өзүңдүн бардыгын камтыган акылмандыгың менен Сен адамдарга үй-бүлө курууну буйрук эттиң, ушул өткөөл дүйнөдө муундар бирин бири алмаштырып, аалам канча жашаса, ошончо кылымдар бою Өзүңдүн биримдигиңдин босогосунда кызмат кылып, Өзүңө табынып, ыраазылык билдирип, алкоо айтып турушун кааладың.   «Мен рухтар менен адамдарды Мага сыйынсын деп гана жараттым» . Ошондуктан Өзүңдүн ырайымыңдын асманында Сенин махабат уяңдан учуп чыккан ушул эки кушуңдун никесин кый жана аларды өлчөөсүз кут-берекени тартып турган коломто кыл, ушул сүйүүнүн эки деңизинин биригүүсүнөн назиктиктин толкуну көтөрүлүп, өмүр жээгине аруу жана мээрман урпактын берметтери чачылсын. «Бир-бири менен жолуксун деп Ал эки деңизди кошуп агызды: экөөнүн ортосунда тосмо бар, бири-бирине кошулбайт. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар? Ал экөөнөн улук жана кичик берметтер чыгат».  
О, Сен, изги Теңир! Ушул жупка маржан менен берметтерди чачууну буюра көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Улуксуң, түбөлүк Кечиримдүүсүң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

НИКЕ (#15462)

О, айланайын Кудайым, Сага даңк! Акыйкатта, ушул Сенин кулуң менен күнүң Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун көлөкөсү алдында жолугушуп, Өзүңдүн мээрмандыгың жана айкөлдүгүң менен баш кошууда. О, Теңир! Бул дүйнө менен Өзүңдүн Падышалыгыңда аларга жардам бер, жоомарттыгың менен кут-берекеңдин аркасында бар жакшылыктарды арна. О, Теңир! Өз бийлигиңдин алдында аларды бекемде жана Сага кызмат кылууга көмөк бол. Өз ааламыңда аларды Сенин Ысымдарыңдын белгилери болууга ракым эт жана Өзүңдүн түгөнбөс сыйларың аркылуу бул дүйнөдө да, келечек дүйнөдө да аларды корго.
О, Теңир! Алар Сенин ырайымдуулук Падышалыгыңа жалынып, Сенин жалгыздыгыңдын Падышалыгына сыйынышат. Акыйкатта, алар Сенин осуяттарыңа багынуу анты менен никеге турууда. Аларды өмүрүнүн акырына чейин ынтымак менен биримдиктин жышаандары кыл. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардык жерди Мекендөөчүсүң, бардыгына Үстөмдүүсүң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

