Коргоо (#15384)

Ысымыңдын даңкы арта берсин, о Теңир, Кудайым менин! Көк менен жердегилердин баарын калтаарытып коркунуч баскан Кыямат саатын чакырган Өзүңдүн Ысымың менен Сага жалынам, Өзүңө жүзүн бурган жана Ишиңе көмөкчү болгон пенделериңе көктөн мээримиңди төк, кайрымдуулук булуттарыңды жаадыр, жүрөктөрүн шаттандыр. 
О, Теңирим, Өзүңдүн кулдарың менен күңдөрүңдү максатсыз ойлордун, пайдасыз куру кыялдардын жебелеринен сакта жана аларга ырайымыңдын тереңиндеги билимиңдин улуу сууларынан бир ууртам ууртата көр. 
Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Жогорусуң, түбөлүк 
Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Коргоо (#15385)

О, Кудай, о Кудайым менин! Сенин сүйүүңдүн учугун бекем кармап, мен үйүмдөн чыктым, өзүмдү толугу менен Сенин камкордугуңа жана Сенин коргооңо тапшырдым. Адашкандардан жана бузулгандардан, ар кандай зордук-зомбулук кылгандардан, Сенин жолуңдан адашкан кара санатайлардан сүйүктүүлөрүңдү коргогон Өзүңдүн кудуретиңе жалбарам, жоомарттыгың жана ырайымың аркылуу мени сакта. Өзүңдүн күчүң менен кудуретиңдин астында, үйүмө аман-эсен кайтар. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, коркунучта Жардамчысың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Коргоо (#15386)

О, Теңирим, мага жана Өзүңө ишенгендердин бардыгына Китептер-Энесинде айтылгандай, биз үчүн эң жакшысы эмне деп тапсаң, ошону буюра көр, анткени бардык нерселер үчүн аныкталган ченемдерди Сен өз колуңда кармап турасың.
Изги белектериң Сени сүйгөндөргө тынбай берилип жана Кудай Бирдигин тааныгандарга көктөгү ырайымдуулугуңдун кереметтүү жышаандары мол төгүлөт. Бешенебизге эмне жазсаң да, баарын Өзүңдүн камкордугуңа тапшырабыз, Сенин билимиңде эмне жакшылыктар болсо, бизге тартуулай көр деп жалынып сурайбыз. 
О, Теңирим, Сенин бардыгын билүүчү илимиң көрүп турган бардык жамандыктан мени сакта, анткени Сенден башка кудурет да, күч да жок, Өзүң катышпаган жерде салтанат да жок жана Өзүң гана буйрук кыла аласың. Кудай каалагандын баары болот, Ал каалабаган нерсе эч качан болбойт.
Эң Бийик, эң Күчтүү Алладан башка эч кандай күч да, кудурет да жок.

-The Báb
-----------------------

Коргоо (#15387)

Даңкың арта берсин, о, Кудай!  Баарынан мурда Сен болгонсуң, бардыгынан кийин да Сен болосуң жана бардык нерселер өткөн кезде да Сен кала бересиң, Сен - Кудайсың. Сен баарын Билүүчү жана бардык нерседен жогору турган Кудайсың. Сен бардыгына ырайымдуу, бардык нерсеге өкүм кылуучу, бардык нерсени көз алдында кармап турган Кудайсың. Сен менин Теңиримсиң, болгон абалымды билесиң, сырткы да, ички да маңызым Өзүңө маалым.
Мага жана Сенин Чакырыгыңа жооп кайтарып ишенимге келгендерге Өзүңдүн кечиримиңди бере көр. Мага жамандык ойлоп, кыянат кылууну каалагандардан коргой турган ишенимдүү коргоочум бол. Акыйкатта, Сен бардык жандардын Теңирисиң. Сен бардыгына Берүүчүсүң; Сенсиз эч ким өмүр сүрө албайт.

-The Báb
-----------------------

Коргоо (#15388)

О, Теңир, Сен жараткан жана жарата турган бардык жакшылыктарды мага буюра көр, жана Өзүңө жакпаган жамандыктын баарынан мени корго. Акыйкатта, Сенин билимиң бардык нерсени камтыйт.  Бардык алкоолор Өзүңө болсун! Акыйкатта, Сенден бөлөк Кудай жок, андыктан көктө болобу, жерде болобу, же алардын ортосунда болобу, эч нерсе жана эч качан Сенин эркиңди аткарууга жолтоо боло албайт. Акыйкатта, Сен бардык нерселердин үстүнөн өкүмчүлүк кыласың.
 О, менин Аллам, Сенин ырайымдуулугуң менен батаңды сурап жалбаргандар Өзүңдүн маңызыңдын улуулугунан канчалык алыс.  Сенин белектериң менен сүйүүңдүн   күбөлүгүн келтирүнүү жалынып сурангандар, Сенин асман даңкыңдан канчалык алыс.
Мээримдүү көрөгөчтүгүң менен назик камкордугуңду көрсөт деп сураган жандардан сен ушунчалык кол жетпес бийиктесиң, Өзүңдүн батаңды тилеп, марттыгың менен жакшылыктарыңды сурагандардан Сенин даңкың өтө эле ыйык. Мол сыйлыктырга ээ асман менен жердеги Падышалыгыңда сен бардык жаралыштардан ченемсиз бийиктикте турасың. 
О, менин Кудайым, Өзүңдөн жалбарып сурайм, жаным денемди таштап кеткенге чейин, Сенин ыраазылыгыңа ээ болсом дейм, мейли бир тоголок таруудай болсун, мейли бир көз ирмемге болсун, ошол сыйыңа ээ кыла көр. Анткени, эгер Сен мага ыраазы болгон саатта жаным денемди таштап кетсе, мен бардык санаалардан арылаар элем; бирок эгер Сен мага нааразы болуп турган кезде жаным мени таштап кете турган болсо, кандай жакшы иштерди жасабайын алар мага эч пайда алып келбейт, кандай гана кадыр-барк, даңкка жеткен болсом да, алар менин даражамды көтөрө албайт.  
Ошондуктан, Сенден жалбарып сурайм, о, менин Кудайым, мени өзүңө карай чакырганыңда жана мени өзүңдүн ыйык Касиеттүү алдыңа барууга буйрук кылганыңда, Өзүңдүн ырайымың менен ак батаңды жибере көр. Анткени, Өз Падышалыгыңдын адамдары үчүн Сен эзэлтен бери чексиз жоомарттыктын Кудайысың. Өзүңдүн Кудуреттүү бийик чегиңди мекендегендер үчүн теңдешсиз белектердин Теңири болуп келгенсиң.

-The Báb
-----------------------

Коргоо (#15389)

О, айланайын Кудайым! Ыймандуу пенделериңди өзүмчүлдүк менен кумардын кесепетинен сакта; Назик камкордугуңдун кыраакы көзү менен аларды ар кандай кекчилдиктен, жек көрүү менен көрө албастыктан корго, аларга Өзүңдүн камкордугуңдун бузулбас чебинен башпаанек бер, ошондой эле күмөндүктүн  жебесинен  сакта, алар Сенин даңктуу жышаандарыңдын көрүнүштөрү болсун; алардын жүздөрүн Кудайлык Бирдигиңдин Таңынын Жаркыраган шооласы менен нурландыр, алардын жүрөктөрүн Өзүңдүн ыйык Падышалыгыңдан ачылган  аян сөздөр менен кубант, Өзүңдүн даңк Падышалыгыңан түшүрүлгөн баарын кыйратуучу күчүң менен аларды бекемде.
Сен баарынан Жоомартсың, Коргоочусуң, Кудуреттүүсүң, кут Берүүчүсүң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Коргоо (#15390)

О, Теңирим! Адамдарды азап-кайгы менен кырсыктар тооруп, ар тараптан кыйынчылык менен бактысыздык кысып жатканын билесиң. Аларга оор сынактар опурулуп жана ар кандай муң-кайгы жыландын уусу сымал алсыратууда. Сенин канатыңдын алдындагы коргоо, колдоо, сактоо жана камкордуктан башка анын жашынар жайы да, башпаанек кылуучу жери да жок.
О, Мээримдүү Алла! Сенин коргооңду - менин зоотум кыл, Сенин колдооңду - менин калканым кыл, Сенин бирдигиңдин дарбазасы алдындагы момундугум - менин сакчым болсун жана Сенин камкордугуң менен жан тартууң - менин бекем чебим жана турагым болсун. Мени өзүмчүлдүктүн жана кумардын азгырыктарынан сакта жана ар кандай оорудан, кырсыктан, кыйынчылыктан жана оор сыноодон коргой көр.
Сен, акыйкатта, Колдоочусуң, Сактоочусуң, Камкорсуң, Бакубатсың жана Сен, акыйкатта, боорукерлердин Боорукерисиң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

