Кечирим (#15374)

*Күнөө кылган жагдайда Кудайдан бөлөк бардык нерседен баш тартып, толугу менен байланбастык абалга жеткен пенде Андан кечирим жана ырайым сурап жалбарышы керек. Кетирген күнөөлөрү жана кылык-жоруктары үчүн адамдардын алдында кечирим сурап сыйынууга жол берилбейт, анткени бул эч качан Кудайдын кечиримине жеткирбейт жана кабыл алынбайт. Ошондой эле, башка пенденин алдында кечирим сурап сыйынуу адамды кемсинтет жана кордойт, ал эми Кудай болсо, ылайым, Анын даңкы бийиктей берсин! -  Өзүнүн пенделеринин кордолушун каалабайт. Акыйкатта, Ал Боорукер, Кайрымдуу. Күнөкөр пенде жалгыз абалда Кудайга жалбарып, төмөнкү сөздөр менен Анын ырайымдуулук мухитинен кайрым сурап, жоомарттыктын Асманынан кечирим суроого тийиш: 

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сенин таттуу сөздөрүңө ушунчалык суктанып, Даңктын туу чокусуна жана шейиттиктин ыйык жайына шашылган Сени чындап сүйгөндөрдүн каны менен жалбарам жана Өзүңдүн илимиңде камтылган сырлар менен жана Сенин кең пейилдигиңдин мухитинде катылган берметтериң менен Өзүңө дуба кылам, мага, атама жана апама кечирим тартуула деп өтүнөм. Ырайым кылгандардын ичинен Сен, акыйкатта, эң Ырайымдуусуң. Түбөлүк Кечирүүчү, бардыгынан Жоомарт Сенден бөлөк Кудай жок. 
О, Теңир! Ушул күнөкөрдүн күнөкөрү Сенин мээрим мухитиңе кайрылып, ушул алсыз жан Өзүңдүн ыйык падышалыгыңдан күч-кубат сурап, бул бечара Сенин Байлыгыңдын Күндүзгү Жылдызына карай умтулуп турганын көрүп турасың. Сенин ырайымдуулугуңдун жана куттуулугуңдун аты менен суранам, о Теңир, анын көңүлүн сындырба, Өзүңдүн күндөрүңдө жоомарттыгыңдын ачылыштарынан аны айырба, Сенин көктөгү жана жердеги бардык жандарыңдын алдында кенен ачкан эшигиңден аны алыс кууба. 
Аттиң! Аттиң! Менин кылган күнөөлөрүм Сенин ыйыктык Сарайыңа жетүүгө тоскоол болууда, андыктан күнөөлөрүмдүн айынан улуулугуңдун Чатырынан алыс адашып жүрөм. Сен эмнени тыюу салсаң, ошону жасадым, эмнени буюрган болсоң, андан баш тарттым. 
     Кудуреттүү ысымдар Төрөсүнүн аты менен жалынам - жоомарттыгыңдын калеми менен Өзүңө жакындоону мага буюра көр, кечиримиң менен ырайымдуулугуңдан мени алыстатып бөлүп турган күнөөлөрүмдөн тазала. 
Сен, акыйкатта, Кудуреттүүсүң, Жоомартсың. Кубаттуу, Берекелүү Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кечирим (#15375)

Сен Даңктуусуң! О, айланайын Кудайым! Өзүңдүн тандалма Жандарың менен, Ишенимдүү Өкүлдөрүң менен, Өзүң тарабынан Пайгамбарлар жана Элчилериңдин Мөөрү деп дайындалгандардын аты менен жалынам: Сени эскерүүнү менин шеригим кыл, Сенин сүйүүң - менин максатым болсун, Ажарың - менин умтулуум болсун, Ысымыңды - менин шам чырагым кыл, Эркиң - менин эңсөөм болсун жана Сенин ырайымыңды менин кубанычым кыла көр. 
О, Теңирим, мен күнөкөрмүн, а Сен Түбөлүк Кечиримдүүсүң. Мен Өзүңдү таанып моюндаар замат, назик камкордугуңдун бийик сарайына жетүүгө шашылдым. О, менин Теңирим, Өзүңдүн жолуң менен басууга жана Өзүңдүн биримдик мухитиңдин жээгине жетүүгө мага тоскоолдук кылып жаткан күнөөлөрүмдү кечир. 
О, менин Теңирим, мага жоомарттык кыла турган, жүзүмдү бура турган, мага мээрим төгө турган жана ырайым сурай турган менин эч кимим жок. Сага жалынам – кут-берекеңдин чатырынан мени кууй көрбө, төгүлгөн айкөлдүлүгүң жана жоомарттыгыңдан мени куру калтырба. О, менин Теңирим, Сени сүйгөндөргө эмне дайындаган болсоң, аны мага да дайында, Сен тандагандар үчүн эмнени буюрган болсоң, ошону мага да буюра көр. Кай убак болбосун менин жанарым Сенин кайрымдуу көрөгөчтүгүңдүн асманына бурулган жана каректерим Сенин назик ырайымыңдын сарайына тигилген. Өзүңө эмне ылайык болсо, мага ошону буюр. Сенден бөлөк Кудай жок, ар бир адам жардамга чакырган Күчтүн Кудайысың, Даңктын Кудайысың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кечирим (#15376)

О, Теңир, мына мен - Сага карай жүзүн бурган, Сенин Берекеңдин кереметинен жана жоомарттыгыңдан үмүт кылган - ошол мен. Сенин мээримиңдин эшигине жетпей, көңүлүм сынып артка кайтуума жол бербе жана Өзүңдүн Ишиңден терс бурулган пенделериңдин колуна мени калтыра көрбө деп Өзүңө жалынам. 
О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңмун жана кулуңдун урпагымын. Сенин Күндөрүңдө акыйкатыңды моюндадым жана Өзүңдүн жалгыздыгыңды таанып, Сенин кечиримиңе жана ырайымыңа үмүт артып, жалгыздык маңызыңдын жээктерин көздөй кадамдарымды багыттадым. Эмнени кааласаң, ошону жасоого кудуретиң жетет. Бардыгынан Даңктуу, түбөлүк Кечиримдүү Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кечирим (#15377)

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага даңк! Ар жолу Сени эскерүүгө батынган кезде Сага каршы жасаган күнөөлөрүм менен оор айыптарым мени токтотуп турат, ошондо мен Сенин кут-берекеңден толугу менен айрылганымды жана Өзүңдү алкоого таптакыр алсыз экенимди көрөм. Ага карабай Сенин жоомарттыгыңа болгон бекем ишенимим үмүтүмдү жандандырып, мага ырайым кылаарыңа болгон ишенимим Өзүңдү даңктоого, Өзүңдө бар нерселерди суроого кайрат берет. 
О, кагылайын Кудайым, бардык жаратылгандардан ашып түшкөн Сенин ырайымдуулугуң менен, Сенин ысымыңдын мухитине чөмүлгөндөр күбө өткөн мэрримдүүлүгүң менен жалынам: мени өз эркиме калтырба, анткени менин жүрөгүм жаманга жакын. Ошондуктан Өз коргооңдун чебинде камкор башпаанегиң менен мени корго. О, айланайын Кудайым, Сенин бийлигиңдин күчү менен эмнени аныктаган болсоң, мен ошону гана каалайм. Менин бир гана эңсөөм - Өзүңдүн берекелүү насааттарың, эркиңдин жетекчилиги аркылуу мага жардам бер жана Өзүңдүн жышаандарың менен жана адилет сотуң менен мага колдоо көрсөт. 
О, Сен, сүйүүдөн азап чеккен жүрөктөрдүн Ашыгы, Өзүңдүн Ишиңди Алып Келүүчүлөр менен, Шыктандыруучу Таңың менен, Сенин улуулугуңдун Көрүнүшү менен жана Сенин билимиңдин казынасы менен Өзүңө жалынам - мени Өзүңдүн ыйык мекен-жайыңдан, Өзүңдүн Ибадатканаңдан жана Сенин Чатырыңдан ажырата көрбө.  О, кагылайын Теңирим! Анын куттуу сарайына жетүүгө, Анын айланасында жүрүүгө жана Анын эшигинин алдында момундук менен турууга мага жардам бер. 
Кудурети кылымдарга кала берген Өзүңсүң. Сенин илимиңден эч нерсе четте калбайт.  Сен, акыйкатта, күчтүн, даңктын жана акылмандыктын Кудайысың. Ааламдардын Кудайы, даңкың арта берсин!

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кечирим (#15378)

Ысымың даңктала берсин, о, менин Кудайым жана бардык жандардын Кудайы, менин жана бардык жандардын Даңкы, менин жана бардык жандардын Эңсөөсү, менин жана бардык жандардын Күчү, менин жана бардык жандардын Падышасы, менин жана бардык жандардын Эгеси, менин жана бардык жандардын Максаты, мени жана бардык жандарды Кыймылга Келтирүүчү! Өзүңө жалбарам, Сенин назик ырайымыңдын мухитинен ажыратпа жана Сага жакындыктын жээгинен алыстата көрбө. 
О, айланайын Теңирим, Сенден башкасынын баары мага пайдасыз, Өзүңдөн башкасынын баарына жакын болуу мага кажетсиз. Сени Өзүңдөн башка бардык нерседен көз карандысыз кылып турган байлыгыңдын берекеси менен Сага жалбарам: Өзүңө жүзүн бурган жана кызматыңа көтөрүлгөн пенделериңден кыл мени. 
О, кагылайын Теңирим, пенделериңди кечир. Сен, акыйкатта, түбөлүк Кечиримдүүсүң, баарынан Кайрымдуусуң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кечирим (#15379)

О, Теңир, колдорубузду Сенин ырайымыңдын жана берекеңдин асманына карай сунуп, алакан жайып жалбарып турганыбызды көрүп турасың. Ченемсиз жоомарттыгыңдын жана молчулугуңдун кенчи менен алакандарыбызды толтур. Бизди, аталарыбызды жана апаларыбызды кечир, Сенин ырайымдуулугуңдун жана Кудайлык жоомарттыгыңдын мухитинен биз зар болгон кут-белектериңди тартуула. О, жүрөгүбүздүн Ашыгы, Сенин жолуңда жасаган иштерибизди кабыл кыл. Сен, акыйкатта, Бийлик Ээси, Теңдешсиз, Жалгыз, Кечиримдүү, Боорукерсиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Кечирим (#15380)

О, Теңир, бардык алкоолор Өзүңө болсун! Биздин күнөөлөрүбүздү кечир, ырайым кыл жана Өзүңө кайтып келишибизге жардам бер. Өзүңдөн башкага үмүт артууга жол бербе, Өзүңө эмне жагымдуу болсо, каалооңо эмне ылайык келсе жана эмнени туура көрсөң, ошону бизге буюр. Өзүңө чындап ишенгендердин зоболосун көтөр, бардыгын кечирүүчү ырайымдуулугуң менен аларды кечир. Сен, акыйкатта, коркунучта Жардамчысың, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң.

-The Báb
-----------------------

Кечирим (#15381)

О, Теңирим, кечир мени, Өзүңдөн башканы оозанганым үчүн, Сенден башкага алкоо айтканым үчүн, Сенден башка менен жакындыктан ырахат алганым үчүн; Сени менен баарлашуудан башкадан бакыт тапканым үчүн; Өзүңдүн сүйүүңдүн жана ырайымыңдын бактысынан тышкары кубанычка батканым үчүн; Сага жакындыгы жок нерселерге ээлик кылганым үчүн кечир, о Сен, Теңирлердин Теңири, каражат берип, эшиктерди Ачуучу.

-The Báb
-----------------------

Кечирим (#15382)

О, Теңир, көрүп турам, кылган күнөөлөрүм Сенин алдыңда мени маскара кылып жер каратты, алар туш тарабымдан курчап, мени Өзүңдүн керемет Ажарыңдан бөлүп тосуп турат, Өзүңдүн көктөгү күчтөрүңдүн ачылыштарына карай жеткирбей тоскоол болууда. О, Теңир!  Эгер Сен кечирбесең, анда мага кечиримди ким бере алат, эгер Сен мага ырайым кылбасаң, анда ким ырайым кыла алат? Сага даңк, анткени Сен мени жоктон бар кылдың, акыл-эс берип азыктандырдың. Сага алкоо, анткени жоомарттыктын бардык күбөсү Сенден тарайт жана ырайымдуулуктун ар белгиси Сенин амириңдин казынасынан төгүлөт.

-The Báb
-----------------------

Кечирим (#15383)

О, Сен, кечиримдүү Теңир! Сен бардык пенделериң үчүн жашынаар жайсың. Бардык сырлар Сага белгилүү, бардыгынан кабардарсың. Биз алсызбыз, а Сен - Күчтүүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. Биз күнөкөрбүз, Сен – күнөөлөрдү Кечирүүчүсүң, Ырайымдуусуң, Боорукерсиң. О, Теңир! Биздин кылган жорук-жосундарыбызга караба. Өз ырайымдуулугуң менен жоомарттыгыңды көрсөт. Биздин кылган күнөөлөрүбүз эсепсиз, Сенин кечиримдүүлүк мухитиң чексиз. Биздин алсыздыгыбыз кайгылуу, бирок Сенин жардамың менен колдооң анык. Ошондуктан бизди чыңда жана күч-кубат бер. Касиеттүү босогоңо ылайык келген гана иштерди жасоону насип кыл бизге. Жүрөгүбүздү нурландыр, көздөрүбүзгө курчтук бер, кулактарыбызды ач. Өлүүлөрдү тирилт жана ооруларды сакайт. Кедейлерге байлык бер жана коркунучтун кучагында калгандарга тынчтык жана коопсуздук тартуула. Бизди Өз падышалыгыңа кабыл ал жана жетекчилигиңдин жарыгы менен нурландыр. 
Сен бардыгынан Күчтүүсүң жана бардыгынан Кудуреттүүсүң. Сен Жоомартсың, Ырайымдуусуң, Изгисиң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

