ЗЫЯРАТНААМАЛАР (#15473)

*Бул дуба Бахаулланын жана Бабдын Ыйык жайында жана ошондой эле Алардын жылдыгында да окулат. 

   Сенин улуу Маңызыңдан чыккан алкоо жана Өзүңдүн нуру төгүлгөн Сулуулугуңдан жаркыраган даңк бир Өзүңө болсун, о Сен, асем Көрүнүштүн өзү, Түбөлүктүүлүктүн Падышасы жана көк менен жердеги бардык жандардын Теңири! Кудайдын өкүмчүлүгү жана Анын үстөмдүгү, Кудайдын улуулугу жана Анын асемдиги Сен аркылуу келгенине, түбөлүктүү даңктын Күндүзгү Жылдыздары Өзүңдүн айныксыз амириңдин асманында нурун төккөнүнө жана Көрүнбөстүн Сулуулугу жаратылыш көк мейкининде жаркырап чыкканына күбөмүн. Анан да Калемиңдин бир шилтеми менен “Бар бол!” деген буйругуң орундалып, касиеттүү Кудайлык сыр жарыяланганына, бар жаратылыш пайда болуп, бардык Аян-ачылмалар жиберилгенине күбөмүн. 
   Дагы да күбөмүн, Сенин Сулуулугуң аркылууу Сүйүктүүнүн сулуулугу ачылганына, Өзүңдүн ажарың аркылуу Эңсегендин жүзү жаркырап чыкканына, Өз Сөзүң менен Сен бар жаралышты соттоп, Өзүңө берилгендерди даңк чокусуна көкөлөтөсүң, ал эми адал эместерди түпсүз тунгуюукка кептейсиң. Сени таанып билгендер, Кудайды таанып билгенине, Сенин жакындыгыңа ээ болгондор Кудайдын жакындыгына жеткендер экенине күбөмүн. 
   Ошондуктан Өзүңө жана жышаандарыңа ишенип, өкүмчүлүгүңдүн алдында моюн сунуп, Өзүң менен жолугуу урматына ээ болуп, мээрмандыгыңа бөлөнүп, айланаңда чарк айланып, тагыңдын алдында тургандар бактылуу. Ал эми Сага каршы күнөө жасаган, Сени танып, жышаандарыңдан баш тарткан, өкүмчүлдүгүңө каршы сүйлөп, Сага каршы аттанган, ажарыңдын алдында текебердик кылган, Сенин далилдериңди четке кагып, өкүмчүлүгүң менен бийлигиңден качкан жана ысымдары Ыйык Насааттарда буйрукчул Колуң менен жазылгандардын катарындагы ишенимсиздерге бүтпөс азап. 
   О, айланайын Кудайым жана менин Сүйүктүүм, Сенин кайрымдуу колдоруңдан жана назик камкордугуңдан чыккан мээрмандыгыңдын ыйык жели мени желпип өтсүн, ылайым, Сенин жакындыгыңдын сарайында жана Сенин алдыңда болуум үчүн мен өзүмдөн жана бул дүйнөдөн баш тартайын. Каалаганыңды аткаруу Сенин эркиңде. Акыйкатта, Сен бар жандуулардан Бийиксиң. 
   Кудайды эскерүү жана Аны алкоо, Кудайдын даңкы жана Анын асемдиги бир Өзүңө болсун, о, Сен, Анын Сулуулугу! Жаратылгандардын каректери Сенчелик куугунтук жегенди эч качан көрбөгүндүгүнө күбөмүн. Өмүрүңдүн ар бир күнүндө азап-кайгыга чөмүлдүң. Бир кездери чынжырга байланып кишенделдиң, башка бир убакта душмандарыңдын кылычы Сага көтөрүлдү. Ошентсе да, ага карабастан бардыгынан Акылман, бардыгынан Даанышмандын Сага тапшырган амирин аткарууну Сен бардык адамдарга буйрудуң. 
   Менин рухум Сен дуушар болгон адилетсиздиктердин өтөсү болсун, ал эми жаным Сен башыңдан өткөргөн бактысыздыктардын төлөмү болсун. Өзүңдүн атың менен, жүздөрү Сенин ажарыңдын жарыгы менен нурлангандардын аты менен жана Сага болгон сүйүүсү үчүн өздөрүнө буйрук кылынгандын баарын аткаргандардын аты менен Кудайга жалбарам, жараткандарыңды Сенден бөлүп турган көшөгөлөрдү жулуп ташта жана мага бу дүйнө менен о дүйнөнөнүн кут-берекелерин насип кыл. Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, эң Кайрымдуусуң.
   О, Тенирим, айланайын Кудайым, Касиеттүү Лотос Дарагына, анын жалбырактарына, чоң жана кичине бутактарына, бүчүрлөрү менен сабактарына Өзүңдүн батаңды бере көр, Сенин өзгөчө Ысымдарың жана Сенин улуу көрүнүштөрүң канча жашаса, алкыш-батаң да ошончо созулсун. Арамза бузукунун көзүнөн, зулумдардын колунан Аны сактай көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң. О, Теңир, айланайын Кудайым,  Өзүңдү таанып-билген кулдарың менен күңдөрүңө да батаңды бере көр. 
Сен, акыйкатта, ырайымы чексиз Жоомартсың. Түбөлүк Кечиримдүү, эң Жоомарт, Сенден башка   Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ЗЫЯРАТНААМАЛАР (#15474)

*Абдул-Баха тарабынан ачылган бул дуба анын Ыйык жайында окулат. Ошондой эле, аны жеке дуба катары да окууга болот.

*Абдул-Баха мындай дейт: “Ким бул дубаны моюн сунуу менен жана зор ынтаа менен окуса, ушул Пендеңдин жүрөгүнө кубаныч жана ырахат алып келет; бул Анын Өзү менен бетме-бет жолукканга барабар”.

Ал бардыгынан Даңктуу! О, Кудай, айланайын Кудайым! Башымды ийип, көз жашымды төгүп, алаканымды көккө жайып жалынам, даанышмандардын билиминен жана Өзүңдү даңктаган бардык алкоолордон жогору турган Өзүңдүн Босогоңдун топурагына жүзүмдү сүртүп жалбарам. Эшик алдыңда башын ийип, моюн сунган пендеңе ырайымдуу көздөрүң менен кара жана Өзүңдүн түбөлүктүү кут-береке мухитиңе чөмүлтө көр.
   О, Тенир! Өзүңө сыйкырланган, Сага жалынып-сыйынган, Колдоруңа туткундалып байланган, эч нерсеге арзыбаган момун пендең Сага ишенип, Сенин Ажарыңдын алдында көз жашын төгүп, мындай деп жалбарат:
“О, Тенирим, айланайын Кудайым! Өзүңдүн сүйүктүүлөрүңө кызмат кылуу үчүн мага ырайымыңды жибере көр, Сага кызмат кылууда мага күч бер, жанарымды ыйыктыгыңдын короосунда баш ийүүчүлүк жарыгы менен нурландыр жана Сенин улуулук падышалыгыңа сыйынуунун нуру менен жарыктандыр. Өзүңдүн асман дарбазаңдын босогосунун алдында өзүмчүлдүк каалоолорумдан арылууга, ыйык мекен-жайыңдын чегинде бардыгынан баш тартууга жардам бер. О Аллам! Байланбастык чөйчөгүнөн даам сыздырып, анын кийимин кийгиз жана анын мухитине чөмүлт. Мени сүйүктүүлөрүң баскан жолдогу топурак кыла көр жана Өзүңдүн жолуңдагы тандалма жандарыңдын буттары баскан жерге жанымды курмандыкка чалууга уруксат эт, о, Улуу Жараткан!
   Ушул дуба менен пендең таң эрте да, караңгы түндө да Сага кайрылат. Анын жүрөгүндөгү каалоосун орундай көр, о Алла! Анын жүрөгүн нурландыр, жанын шаттыкка бөлө, жарыгын жандыр, Сенин ишиңе жана пенделериңе кызмат кылгандай болсун.
   Сен Берүүчүсүң, Боорукерсиң, Жоомартсың, Кут Берүүчүсүң, Ырайымдуусуң, Кайрымдуусуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

