Жыйындар (#15367)

О, Сен, Ырайымдуу Кудай! О, Сен Кудуреттүү жана Күчтүү!  О, Сен, баарын сүйгөн Ата! Сага жүздөрүн буруп, Босогоңо жалынып, Сенин улуу Убадаңдын түгөнбөс сыйларын алууну эңсеп, пенделериң ушул жерге чогулду. Адамзатка кызмат кылуудан башка ниети жок.
О, Кудай! Ушул жыйынды нурландыр.  Жүрөктөрдү кайрымдуу кыла көр. Ыйык Рухтун белектерин жөнөт. Аларга көктүн күчүн тартуула, асман акылын бер. Алардын ак ниетин чыңда, терең момундук жана өкүнүч менен алар Сенин Падышалыгыңа кайрылып, өздөрүн адамзатка кызмат кылууга арнасын. Ылайым, ар бири жанып турган чыракка айлансын. Ар бири жаркыраган жылдыз болуп жансын. Ар бири Кудай Падышалыгында керемет түскө жана мас кылган жыпар жытка ээ болсун.
О, ырайымдуу Алла! Кут-берекеңди төк. Биздин кемчиликтерибизге караба. Өзүңдүн коргооңдун алдында калкала. Биздин кү¬нөөлөрүбүздү эске алба. Ырайымың менен бизге шыпаа бер. Биз алсызбыз – Сен Кудуреттүүсүң, биз жакырбыз - Сен Берекелүүсүң. Биз сыркообуз - Сен Дарыгерсиң. Биз муктажбыз – Сен ашыкча Жоомартсың.
О, Кудай! Бизге көрөгөчтүгүңдөн тартуула. Сен Кудуреттүүсүң, Сен Берүүчүсүң, Сен Боорукерсиң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жыйындар (#15368)

О, Теңир, айланайын   Кудайым, Сен Даңктуусуң! Сенин кут-берекеңдин учкул шамалы менен, Сенин ой-болжомуңдун Күн Чыгышы жана илхамыңдын Таңы болгондордун аты менен жалынам, мага жана Сенин ажарыңды издегендерге Өзүңдүн кең пейилдигиң менен ырайымдуулугуңа ылайык келген кут-берекелериңди төгө көр. О, айланайын Теңирим, Мен жакырмын жана жалгызмын, Аллам, мени Өз байлыгыңдын мухитине чөмүлт; мен чаңкап турам - назик камкордугуңдун мүрөк сууларынан жуткуза көр.
Сенин Ысымың менен, жер менен көктөгү бар жаралышты камтыган өткүр Сөзүң менен, Өзүңдүн маңызың кылып дайындагандардын аты менен жалбарам - бардык пенделериңди изги ой-болжомуңдун дарагынын көлөкөсүнө бириктирип чогулта көр. Аларга анын жемиштеринен даам сызып, жалбырактарынын шыбырына жана бутактарында сайраган Куштардын таттуу добушуна кулак салууга жардам бер. Сен, акыйкатта, коркунучта Жардамчысың, Кол Жеткиссиң, Кудуреттүүсүң, баарынан Жоомартсың.
Бахаулла             

О, изги Теңир! Бул жолугушууга чогулган, Сенин Падышалыгыңа кайрылып, белектериңе жана Өзүңдүн кут-берекеңе муктаж пенделериң мына. О, Кудай! Жашоонун бардык маңыздарында камтылган Өзүңдүн бирдигиңдин белгилерин ачып көрсөт. Адамзаттын маңызына Өзүң салып берген асыл изгиликтерди айкындап көрсөтүп бер.
О, Кудай! Биз өсүмдүк сымалбыз, ал эми Сенин жоомарттыгың жамгыр сыяктуу; ушул өсүмдүктөрдү сергит, алар Сенин берекеңдин аркасында гүлдөп өссүн. Биз Сенин кулдарыңбыз; бизди көр турмуштун чынжырынан бошот.  Түркөйбүз - бизге акылмандык бер. Өлүкпүз - бизди тирилт. Затпыз – бизге рух бер. Таалайсызбыз - бизге Өзүңдүн сырларыңды ач. Муктажбыз - чексиз казынаңдан бизди байыт жана кут-берекеңди тартуула. О, Кудай! Бизди кайрадан жарат; көзүбүз менен кулагыбызды ач, жашоо сырларын айкындап, Өзүңдүн падышалыгыңдын сырларын бизге ачыктап, жалгыздыгыңды тааныт.  Береке- жакшылыктын баары бир Өзүңдөн. 
Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Сыйкорсуң, Сен түбөлүк Жоомартсың.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жыйындар (#15369)

О, Көрөгөч Кудай! Бул жерде Сенин сулуулугуңа тартылган жана сүйүү отуң менен жалындаган досторуң чогулду. Ушул жандарды көктөгү периштелериңе айландыр, аларды Сенин Ыйык Рухуңдун деми менен кайра жарат, аларга кызыл тил жана кайратман жүрөк бер, көктүн күчүн жана мээримдүү сезимдерди жөнөт, аларды адамзат баласынын биримдигинин жарчылары кыл жана адамдар дүйнөсүндөгү сүйүү менен ынтымактын булагына айлант, ошентип түркөй түшүнүктөрдүн түнөргөн караңгылыгы Акыйкат Күнүнүн нурлары алдында таркасын, ушул күңүрт дүйнө жаркырасын, ушул көр дүйнө рух дүйнөсүнүн нуру менен нурлансын, бул түркүн түстөр бир түскө кошулушсун жана алкоо обондору Сенин ыйыктыгыңдын журтунда жаңырсын. 
Сен, акыйкатта, Өкүмдарсың, Кудуреттүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жыйындар (#15370)

О, менин Аллам! О, Жараткан! Акыйкатта, бул пенделериң Өзүңдүн кайрымдуулук падышалыгыңа жалынып кайрылат. Акыйкатта, алар Өзүңдүн ыйыктыгыңа ашык болгондор, Өзүңдүн сүйүүң аркылуу алоолоп жангандар, алар Өзүңдүн керемет падышалыгыңдан жышаандарыңды издейт жана Өзүңдүн асмандагы мекен-жайыңа жетүүгө умтулат. Акыйкатта, алар Өзүңдүн тартуу-белектериңдин жамгырын күтөт жана Акыйкат Күнү жаркырап тийишин эңсейт. Аларды жаркырап жанган чырак кыл, кайрымдуулугуңдун жышаандары кыл, мөмөлүү дарак кыл, көктөгү жылдызга айлант. Алар Сага кызмат кылууга көтөрүлсүн, сүйүүңдүн учугуна байланып, Өзүңө кошулсун, Өзүңдүн мээрман ырайымыңа умтулсун. О Теңир, аларды жол көрсөтүүчү белгилериңден кыл, Өзүңдүн өлбөс падышалыгыңдын туусу кыл, ырайымдуулук деңизиңдин толкундары кыл, Өзүңдүн улуулугуңду чагылдырган күзгү кыл. 
Сен, акыйкатта, Айкөлсүң. Сен, акыйкатта, Боорукерсиң. Сен, акыйкатта, баа жеткис Сүйүктүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жыйындар (#15371)

О, изги Теңир! Момундук менен башыбызды ийип, Сенин босогоңдун алдында туруп жалынып сурайбыз, Өзүңдүн эсепсиз жышаандарың менен чексиз колдооңо муктажбыз. О Теңир, бул жандарды тирилтип, жаңы өмүр тартуула. Рухтарын сергитип, жүрөктөрүн билимге толтур, көздөрүн ачып, кулактарына кыраакылык бер. Өзүңдүн эзелки казынаңдан жаңы болмуш, жаңы рух жөнөт жана Өзүңдүн түбөлүктүү мекен-жайыңдан аларды жаңы жышаандарга ээ кыл.
О Аллам! Акыйкатта, дүйнө жаңыланууга муктаж. Ага жаңы болмуш тартуула, жаңы ой берип, асман билимдериңден жөнөт. Жаңы рух менен сергит жана ага ары улуу, ары ыйык максаттарыңды көрсөт.
О Кудайым! Акыйкатта, Сен бул кылымды нурлуу кылдың, Өзүңдүн мээрмандыгыңдын жарыгын ачып бердиң. Жалган ынанымдардын караңгылыгын таркатып, ишенимдүүлүк жарыгын төктүң. О Теңир! Бул пенделериңди Өзүңдүн босогоңо кабыл ал. Жаңы асманыңды жай, адамдарга жаңы жер жарат, алар анда бакубат жашасын. Асмандан жаңы Иерусалим түшүр. Адамзатына жаңы ой, жаңы жашоо бер. Жандарга жаңы түшүнүк, жаңы изгиликтерди тартуула. 
Сен, акыйкатта, баарынан Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң. Сен Берүүчүсүң, Айкөлсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

