Жардам (#15358)

О, Сен, ажарың - менин аздектөөм, Сулуулугуң - менин турагым, мекен-жайың - менин умтулууларымдын максаты, алкооң - менин үмүтүм, жетегиң - менин шеригим, сүйүүң - менин тирлигимдин себеби, эске алууң - менин көңүл жубатаарым, жакындыгың - менин эңсөөм, Өзүңдү тапканым - менин көксөгөн тилегим жана жогорку умтулуум; Өзүңө жалбарам - пенеделериңдин арасындагы тандалгандар үчүн эмнени аныктаган болсоң, ошону мага да буюра көр. Бу дүйнөнүн жана келечек дүйнөнүн жакшылыктары менен мени азыктандыр. Сен, акыйкатта адамдардын Падышасысың, Сенден башка Кудай жок, Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Жардам (#15359)

О, менин Кудайым, менин Ашыгым, менин Султаным, менин Эңсөөм! Сага болгон алкоомду кандай тил жеткире алмак? Бейгам элем, Сен мени ойготтуң. Өзүңдөн терс бурулдум, Өз ырайымың менен кайра Өзүңө кайтууга жардам бердиң. Өлүк сыяктуу элем, мүрөк суусу менен мага жан киргиздиң. Соолуп бараттым, Ырайымдуунун Калеминен төгүлгөн Өзүңдүн сөз берметтериңдин көктөгү агымы менен мени жанданттың.
О, жараткан Кудурет! Бардык жандуулардын тирлиги Сенин мээримиңен башталган; Өзүңдүн жоомарттыгыңдын сууларынан бизди айрый көрбө жана ырайымдуулугуңдун мухитине жетүүгө тоскоолдук жаратпа. Сага жалбарам, ар убакта жана ар кырдаалда мага жардам бер жана мени колдо; мен Сенин ырайымдуулугуңдун асманынан түбөлүктүү сыйларыңды сурайм. Сен, акыйкатта, жоомарттыктын Теңирисиң жана түбөлүк падышалыктын Өкүмдарысың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Жардам (#15360)

О, айланайын Кудайым, Сенин Сөзүңдүн Күндүзгү Жылдызы түрмө-шаарыңдын асманында жаркырап турганын көрүп турасың, анткени анын дубалдарынын ары жагында Сенин Көрүнүшүңдүн Өзү, Сенин биримдигиңдин жарыгынын Таңкы Шоокуму үнүн көтөрдү, Өзүңө алкоо айтты. Ошентип Сенин шаарларыңдын үстүнөн сүйүүңдүн жыпары аңкыды жана Сенин падышалыгыңдын баардык тургундарын өз кучагына алды.
О, кагылайын Кудайым, Өзүңдүн кут-берекеңди ачыктоо менен кулдарыңа ага жүз бурууга тоскоол жаратпа. О, айланайын Кудайым, алардын абалына, алардын кылгандары менен түйшүктөрүнө караба. Өзүңдүн даңкыңдын улуулугуна, белектериңдин молдугуна, кудуретиңдин өкүмчүлүгүнө жана жакшылык ыроологон кынтыксыз жаратмандыгыңа кара. Сенин даңкың менен ант берем! Эгер Сен аларга адилет көз менен караган болсоң, баары Сенин жаалданган каарыңа гана татыктуу болмок. О, Кудайым, жараткан пенделериңди кут-берекеңдин алаканына сал жана Сен жараткандардын падышалыгында алар үчүн эң мыктысы эмне экендигин ачыктап бер.
О, айланайын Кудайым, биз күбөбүз, Сен нак Кудайсың, Сенден башка Кудай жок. Сен эзелтен бери болгонсуң, Сага теңдеш же салыштырууга татыктуу эч ким болгон эмес жана Сен кылымдар бою ушундай абалда кала бересиң. Биримдик менен тирлик бирдигинин тактысында отурганыңды көргөндөрдүн көзү менен Сага жалбарам: Сени сүйгөндөргө Өзүңдүн Улуу Ысымыңдын күчү менен жардам бер жана аларды ушундай бир бийиктиктерге көтөр, алар өздөрүнүн бар болгон маңызы менен, тилинин жетишинче Сенин Теңдешсиз, Жалгыз, Түбөлүк Өзгөрүлбөс Кудай экендигиңди гана күбөлөндүргөндөй болушсун. Эч качан Сага теңдеш же шерик болчу эч ким болбойт. Сен, акыйкатта, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардык адамдар жардам сурап жалбарган бир Өзүңсүң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Жардам (#15361)

О, кагылайын Кудайым! Өзүңдүн даңктуу ысымың менен суранам: пенделериңдин бакубаттыгына жана шаарларыңдын гүлдөп-өсүшүнө салым кошууга мага көмөк бол. Акыйкатта, бардык бийлик Сенин колуңда!

-The Báb
-----------------------

Жардам (#15362)

O, Теңир! Биз бечарабыз - бизге Өз мээримиңди тартуула; жакырбыз - Өз байлыгыңдын мухитинен үлүшүбүздү бөлүп бер; муктажбыз - бизди тоюндур; басындык - Өз даңкыңдан бизге бер. Асмандагы куштар менен талаадагы ар жаныбар күн сайын Сенден өз насибин алат, жандуунун баары Сенин камкордугуң менен берекеңден азыктанышат. 
Ушул алсыз жанды Өзүңдүн кереметтүү кут-берекеңден ажыратпа жана кудуретиңдин күчү менен ушул чабал жанга тартуу-белектериңди жөнөт.
Күнүмдүк насибибизди бер жана жашоодогу муктаждыктарыбызга Өзүңдүн берекеңди төк, бир Өзүңдөн гана көз каранды бололу, Өзүң менен сүйлөшүп, Сенин жолуң менен гана басып, Өзүңдүн сырларыңды жар салалы. Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, Сүйүүчүсүң, бардык адамзатка кут Берүүчүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жардам (#15363)

О, Сен, куттуу-кудуреттүү Кудай! Биз Сенин касиеттүү Дарбазаңдын алдында коргологон босогоңдун кулдарыбыз. Кудуреттүү ошол тиректен башка жашынаар жай издебейбиз, Сенин коргооңдон бөлөк баш калкага умтулбайбыз. Бизди корго, колдо, батаңды бер, Сен сүйгөндү гана сүйдүр, Өзүңө гана алкоо айткандай бололу, акыйкат жолун жолдоп, Өзүңдөн башка бардык нерседен баш тарткандай кылып бизди байыт,  ырайым деңизиңдин белектерине ээ кыл, Ишиңди түбөлүк даңктоого умтулуп, бардык жерде Сенин жыпарыңды тараткандай бололу, өзүбүздү унутуп, Сенде эрип жок бололу, бардык нерседен баш тартып, Өзүңө толугу менен берилгендей бололу.
О, Сыйкор, о, Кечиримдүү Кудай! Өзүңдүн кут-берекеңди төк бизге, назик камкордугуң менен молчулуктарыңа бөлө, максаттарыбызга жетүү үчүн бизди колдо. Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Билүүчүсүң, Көрүүчүсүң; акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың; акыйкатта, Сен баарынан Ырайымдуусуң; акыйкатта, Сен баарын Кечирүүчүсүң, пенделериң кулдук урган, кандай оор күнөө болбосун кечире турган Өзүңсүң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жардам (#15364)

О, Кудай! Сенин Ысымыңдын урматына жайылган майрамдык дасторкондон мени алыстатпа, жана да Сенин өчпөс отуң менен тутанган алоолонгон жалындын өчүп калуусуна жол бербе. Өзүңдүн даңкыңдын обонун салган жана Сени эскерүү добушу менен шылдырап аккан мүрөк сууларыңдын агымын тоспо, Сенин сүйүңдүн жыпарынын таттуу илебинен кулдарыңды айыра көрбө. 
Теңир! Адал пенделериңдин кыйнаган санаасын - бейкуттукка, азабын - үмүткө, кордугун - даңкка, кайгысын - жыргалга айландыр, бардык адамзатты башкаруу тизгинин Өз колунда кармаган Сенсиң!
Сен, акыйкатта, Бирөөсүң, Жалгыз Жансың, Кудуреттүүсүң, баарын Билүүчүсүң, Даанышмансың.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жардам (#15365)

О, Кудуреттүү Көрөгөч, биз мусаапырбыз – бизге өз колдооңду жибер, үй-жайсыз бозгунбуз – башпаанек бол, жалгыздап чачырадык - бизди бириктир; жолубуздан адаштык -Өзүңдүн үйүрүңө бизди чогулт; жакырбыз - бизге үлүшүбүздү жана энчибизди тартуула; чаңкап турабыз – бизди Өмүр булагына карай алып кел; алсызбыз – бизге күч бер, Сенин Ишиңе жардамга тикебизден тик туралы, Өзүңдүн жетекчилик жолуңда өмүрүбүздү курман кылалы.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Жардам (#15366)

Силер, Абха Падышалыгына жалынып, Андан түбөлүктүү жакшылыктарды сурашыңар керек. Жүрөгүңөр таза күзгү сыяктуу даңктуу нурга толсун деп тиленишиңер керек; ошондо Акыйкат Күнүнүн нурлары жүрөгүңөрдө чагылып жарык чачат. Силер Кудайга жалынып, Андан жардам жана колдоо сурап, ар күнү жана түнү ушул сөздөр менен Ага кайрылышыңар керек:
О, Теңир! Биз алсызбыз - бизди күчтөндүр. О, Кудай! Биз түркөйбүз - бизди жарыктандыр. О, Теңир!  Биз жакырбыз - бизди байыт. О, Кудай! Биз өлүкпүз - бизди тирилт. О, Теңир! Биз кордолдук - Өз Падышалыгыңда бизди даңазала. О, Теңир! Сенин жардамың менен биз жаркыраган жылдызга айланабыз, Сенин колдооңсуз биз топурактан да төмөн күл болобуз, о, Теңир! О, Кудай! Бизге күч бер. О, Кудай! Бизге жеңиш тартуула. О, Кудай! Кумарлыгыбызды ооздуктап, өзүбүздү жеңгенге жардам бер. О, Теңир! Бизди көр дүйнөнүн кулчулугунан куткар. О, Теңир! Бизди Ыйыктыктын Рухунун деми менен жандант, ылайым, биз Сенин кызматыңа көтөрүлүп чыгалы, ылайым, биз Өзүңө ибадат кылып, Өзүңдүн Падышачылыгыңда чын ыклас менен бар күчүбүздү жумшайлы. О, Кудай, Сен Кудуреттүүсүң! О, Кудай, Сен Кечиримдүүсүң! О, Теңир, Сен Мээримдүүсүң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

