ДАБА (#15354)

Сенин атың - мага даба, о жараткан Теңирим. Мен сени эстеп дарыланам, Сага жакындыгым - менин үмүтүм, Сага деген сүйүүм - менин шеригим. Сенин мага болгон ырайымың - менин айыкканым жана бул дүйнө менен о дүйнөдөгү көмөгүң. Акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың, баарынан Билермансың, баарынан Акылмансың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ДАБА (#15355)

О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сенин шыпааңдын мухити менен, Сенин кут-берекеңдин Күндүзгү жылдызынын жарыгы менен, пенделериңди багындырган Өзүңдүн ысымың менен, Сенин эң ыйык Сөзүңдүн асман-жерге тараган күчү менен, Улуу Калемиңдин кудурети менен, көк менен жердегилердин бардыгын жаратууну мүмкүн кылган Сенин ырайымың менен жалбарып суранам, Жоомарттыгыңдын суусу аркылуу ар кандай оору-сыркоодон, алсыздык менен чабалдыктан мени тазарта көр. О, Кудайым, Сага тизе бүгүп жалынган пендең Сенин жоомарттыгыңдын дарбазасы алдында күтүп турганын жана өзүңө үмүт арткан кулуң Сенин айкөлдүгүңдүн учугуна жармашып отурганын көрүп турасың. Өзүңөн жалынып сурайм, Сенин ырайымдуулугуңдун мухитинен жана назик камкордугуңдун Күндүзгү Жылдызынан ал эмне издесе, андан баш тарта көрбө. 
Эмне кааласаң баарын жасай ала турган күч Өзүңдө. Кечиримдүү, Жоомарт, Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ДАБА (#15356)

О, айланайын Кудайым, Өзүңдүн ысымың менен сыркоолор айыгат, алсыздар күчтөнөт, суусагандардын суусуну канып, оорудан кыйналгандар тынчтанат, адашкандар насаат алып, кор болгондор көтөрүлөт, жакырлар байыйт, билимсиздер агартылып, түнт болгондор ачылат, капалуулар шаттанат, тоңгондор жылыйт жана жеңилгендер баш көтөрөт. О, жараткан Кудайым, Сенин ысымың менен бардык жаратылгандар ойгонуп, асман менен жер орноду, булуттар жаратылып, жамгыр жерге төгүлдү. Бул, акыйкатта, Өзүңдүн жараткандарыңа болгон ырайымыңдын белгиси.
Ошондуктан, Өзүңдүн Кудайлык Табиятыңды ачыктаган ысымың менен, Сенин Ишиңди бардык жаратылгандардын үстүнөн бийик көтөргөн ысымың менен, улуу касиеттериң жана керемет ысымдарыңдын ар бири менен, көккө көтөрүлгөн маңызыңды данкка бөлөгөн баардык изгилигиң менен жалбарып сурайм, Өз жаратылыштарыңдын Падышалыгында Өзүңдүн данктуу маңызыңа бириктирип байлаган ушул чабал пендеңе бүгүн түнү ырайымдуулук булуттарыңан эм боло турган жамгырыңды төгө көр. О, кагылайын Кудайым, Өзүңдүн кут-берекең аркылуу аны саламаттык жана бакубаттык кийимине оро, ар кандай оору-кеселден, Сага жагымсыз нерсенин баарынан сактай көр, о, менин Сүйүктүүм. Акыйкатта, бардыгы Сенин кудуретиңдин бийлиги алдында. Сен, акыйкатта, баарынан Кудуреттүүсүң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң. О, жараткан Алла, ага ушул дүйнө менен келечек дүйнөнүн, мурдагы жана кийинки муундардын кут-берекесин жөнөтө көр. Сенин кудуретиң менен акылмандыгың, акыйкатта, бардыгын камтыйт.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

