БИРИМДИК (#15350)

О, Кудайым! О, айланайын Кудайым! Пенделериңдин жүрөктөрүн бириктирип, аларга Өзүңдүн улуу максатыңды ач. Алар Сенин эркиңе багынып, мыйзамдарыңды аткарсын. О, Кудай, алардын аракеттерин колдо жана Сага кызмат кылууга күч-кубат бер. 
О, Кудай! Аларды өз эркине калтыра көрбө, ар бир кадамын Өзүңдүн билимиңдин жарыгы менен багыттап, жүрөктөрүн Өзүңдүн сүйүүң менен шаттандыр. Акыйкатта, Сен аларга Жардамчысың жана Теңирисиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

БИРИМДИК (#15351)

Даңкың арта берсин, о, Кудайым, Сен адамзатка арнап сүйүүңдү жараттың. О, Сен, биздин Өмүрүбүз жана Жарыгыбыз, пенделериңди Өзүңдүн ак жолуңа сал, Өзүңдөн башканын баарынан бизди бошотуп, Өзүң менен гана байыта көр.
О, Кудай, бизди Өзүңдүн жалгыздыгыңды түшүнүү жолуна сал жана Сенден бөлөк эч кимди көрбөш үчүн жалгыздыгыңды аңдап-билүүгө жардам бер. Сен Ырайымдуусуң, кут Берүүчүсүң! 
О, Кудай, Өз сүйүктүүлөрүңдүн жүрөктөрүнө Сага деген махабат отун жандыр, алар Өзүңдөн башка бардык ой-санаалардан кутулсун.
О, Кудайым, бизге Өзүңдүн улуу түбөлүктүүлүгүңдү көрсөт, Сен дайыма бар болгонсуң жана кылымдар бою каласың, Сенден башка Кудай жок. Акыйкатта, Өзүң менен сооронуп, Өзүңдөн гана күч-кубат табабыз.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

БИРИМДИК (#15352)

О, Кудайым! О, Алла Таалам! Акыйкатта, мен Сага жалбарам жана Сенин босогоңдун алдында өтүнүп сураймын, Сенин бардык ырайымдуулугуңду ушул жандарга жөнөтө көр, аларды мээрмандыгың жана акыйкатыңдын аркасында тандалма жандардан кыл. 
О, Теңир! Жүрөктөрдү биримдикке байла, бардык жандарды ынтымакка баш коштур жана Сенин ыйыктыгың менен биримдигиңдин белгилери аркылуу ар бир рухту жандандыр. О, Теңир! Сенин Биримдигиңдин жарыгы менен алардын жүздөрү жаркырасын. Падышалыгыңа кызмат кылууда кулдарыңдын белин бекем буу. 
О, Теңир, Сен чексиз ырайымдын Ээсисиң! О, кечирим жана ырайымдуулуктун Теңири! Күнөөлөрүбүздү кеч, кемчиликтерибизди кечир жана Өзүңдүн мээрмандык падышалыгыңа кайтара көр, ыйыктыгыңдын алдында моюн сунуп, Өзүңдүн жышаандарыңдын даңкынын алдында тизе бүгүп, кудурет менен күчтүн мекен-жайына кайтууга уруксат эт.     
О, Кудай! Бизди Өз сүйүүңдүн белектеринин аркасында биримдикке баш кошкон деңиз толкундарына жана бакчанын гүлдөрүнө окшоштур.
   О, Теңирим! Жүрөктөрдү биримдигиңдин белгилери менен кубант жана бардык адамзатты даңктын жалгыз бийиктигинен жаркырап турган жылдыздарга айландыр, ошондой эле Сенин өмүр дарагыңда өскөн керемет мөмөлөргө окшот. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң, Берүүчүсүң, Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң, бардыгын Билүүчүсүң, жалгыз   Жаратуучусуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

БИРИМДИК (#15353)

О, изги Теңир, о Жоомарт жана Кайрымдуу! Биз Сенин Кудайлык биримдигиңдин алдына чогулган босогоңдогу пенделериңбиз.  Сенин ырайымдуулук күнүң бардыгына жаркырап тийип жана кайрымдуулук булутуңан бардыгына нур жаап турат. Сенин ырыскың бардыгына бирдей жетип, камкор көрөгөчтүгүң бардыгына күч берет, бардыгы Сенин коргооңдун алдында жана Өзүңдүн мээрмандыгың барына бирдей төгүлгөн. О, Теңир! Өзүңдүн түгөнгүс белектериңди жөнөт жана  жетекчилигиңдин жарыгы жаркырап турсун. Каректерибизди жарык кыл жана жүрөктөрдү өчпөс бакыт менен шаттыкка бөлө. Бардык адамдарга жаңы рух жана түбөлүк жашоо белек кыл. Акыйкат түшүнүктүн дарбазасын ач, ылайым, ишенимдин жарыгы асемдүү керемети менен жаркырасын.  Өз ырайымыңдын көлөкөсү алдында бардыгын чогулт жана аларга биримдик менен ынтымак бер, алар бир күндүн нурларына, бир мухиттин толкундарына жана бир дарактын жемиштерине окшосун. Алар бир булактан суу ичсин, аларды бир шамал термесин, бир жарыктын булагынан нурлансын. Сен Сыйкорсуң, Боорукерсиң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

