БАЙЛАНБАСТЫК (#15335)

О, айланайын Кудайым, ысымыңдын даңкы арта берсин! Сенин буйругуң менен каалооңо ылайык, бүт жаратылгандарга тараган Сенин ырайымдуулук кийимиңдин жыпары менен, Сенин кайрымдуулук көк мейкиндигиңде Өзүңдүн кудурет күчүңдүн аркасында жаркырап чыккан Сенин эркиңдин Күндүзгү Жылдызы менен жалбарам, о, Сен, бардык адамзаттын Теңири, менин жүрөгүмдөн куру кыялдар менен маанисиз ойлорду алып сал, жалындаган жүрөк менен жүзүмдү сага гана бурайын.
О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңмун жана Сенин кулуңдун урпагымын! Мен Сенин берекеңдин жеңине жармашып жана назик кайрымыңдын учугун кармадым. Өзүңдөгү   жакшылыктардын баарын мага арнай көр, Сенин жоомарттыгыңдын булуттарынан жана Сенин ырайым асманыңдан жөнөткөн дасторконуңдан мени азыктандыр.
Сен, акыйкатта, бардык дүйнөлөрдүн Теңирисиң жана көк менен жердеги бардык жандардын Кудайысың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15336)

О, айланайын Кудайым, канчалаган муздап калган жүрөктөр Сенин Ишиңдин жалыны менен алоолоп жанып, уйкуда жаткан эчендерди Сенин мукам үнүң ойготту. Жер кезип жүргөн канчасы Сенин биримдик дарагыңдын көлөкөсүнөн түнөк тапты жана ушул күндөрдө Өзүңдүн мүрөк сууларыңа чаңкагандар канча!       
Сага умтулуп жана Сенин жүзүңдөн нурланган таңкы шоокумга жетүүгө шашкандар бактылуу. Сенин Ачылмаңдын таңына жана шыктандыруу булагыңа бүт ынтызарлыгы менен жүз бургандар бактылуу! Сенин ырайымың менен берешендигиңдин аркасында тапкан нерсесинин баарын, Сенин жолуңда сарптагандар бактылуу. Сага деген кусалык менен Өзүңдөн башканын баарынан баш тарткан бактылуу. Сага болгон жакындыктан жыргал таап, башка бардык байлоолордон кутулгандар бактылуу.
О, айланайын Теңирим, Ким Сенин өкүмчүлүгүңдүн кудурети жана чексиз күчү менен өзүнүн караңгы зынданынын көк мейкиндигинде жаркырап көтөрүлсө, Ошонун аты менен, Ким Сенин ысымың болсо, Ошонун аты менен Сага жалбарам, ар бир пендеңе Өзүңө ылайык келген жана Өзүңдү данктоого татыктуу болгон нерселерди буюра көр. 
Сенин Кудуретиң, акыйкатта, бар жаралышты кучагына алат.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15337)

О, айланайын Кудайым, Өз жериңде кандай От тутандырганыңды мен биле албайм. Жердин күл-топурагы анын жарыгын тосо албас, жалынын суу да өчүрө албас. Бүт аалам элдери анын кудуретине каршы турууга алсыз.  Ким ага карай жакындаса жана анын добушун уга алса, ал бактылуу. 
О, айланайын Кудайым, Сен Өзүңдүн кут-берекең аркылуу кээ бирлерге ага жетүүгө жол көрсөттүң, башкаларды өз колу менен жасаган иштери үчүн андан четтеттиң.  Ага карай шашыла умтулуп жана Ага жеткендер, сулуулугуңду көрүүнү ушунчалык каалагандыктан Сенин жолуңда өмүрүн берди, бул дүйнөдө эч нерсеге байланбастан, Сага карай көтөрүлдү. 
О, Аллам, болмуш ааламында алоолонуп күйүп жаткан ушул оттун күчү менен Өзүңө жалбарам, Сенин улуулугуңдун тактысы алдына келүүмө жана дарбазаңдын эшиги алдында туруума жолтоо болгон көшөгөлөрдүн барын жок кыла көр. О, кагылайын Кудайым, Сенин Китебиңде аныкталган кут-берекенин баарын менин маңдайыма да жаза көр жана мени Өзүңдүн ырайымдуулук түнөгүңдөн алыстата көрбө. Эмнени кааласаң, ошону бар кылуу Өз бийлгиңде. Сен, акыйкатта, бардыгынан Күчтүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15338)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Мен Сенин эркиңдин тегерегинде айланып, жоомарттыгыңдын асманына тигиле карап, Сенин белектериңдин жаркыраган күнүнөн нур чачкан ачылманы куштарлана күтүп турганымды көрүп турасың.  Сага жалбарам, о, ар бир түшүнүгү бар жүрөктөрдүн Сүйүктүүсү жана Өзүңө жакындардын тилеги, Сен сүйгөндөргө өз калоолорунан толук баш тартып, Сенин калоолоруңа бекем болууну буюра көр. О, Теңир, аларга адалдык кийимин кийиндирип, байланбастык жарыгы менен нурландыр. Сен жараткандардын арасында Сенин Сөзүңдү көкөлөтүп, пенделериңе Өзүңдүн Ишиңди жарыялашы үчүн акылмандык менен кызыл тилдүүлүктүн кошуунун жардамга жибер. Акыйкатта, эмнени кааласаң, ошону бар кылуу Өз бийлигиңде жана бардык иштин тизгини Өз колуңда. Кудуреттүү, түбөлүк Кечиримдүү Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15339)

Жараткан Алланын аты менен, Өкүмдар, бардыгына Жеткилең, Бакубат, эң Мартабалуу, ар бир адам жардамга чакырган Теңирдин аты менен.
Айт: О, кагылайын Кудайым! О, Сен, көк менен жердин Жаратуучусу, о, Падышачылыктын Теңири! Сен менин жүрөгүмдүн бардык сырларын билесиң. Ал эми Сенин Маңызың Өзүңдөн бөлөк эч кимге жеткиликсиз. Менде эмне болсо, бардыгын көрүп турасың, Сенден башка аны эч ким көрө албайт. Мага Өз ырайымың менен Сенден башка эч нерсесиз жашоону насип кыл жана Сенден башкалардын баарынан көз карандысыз кыла турган нерсени буюр. Бу дүйнө менен келечек дүйнөдөгү жашоомдун түшүмүн алууга уруксат эт. Сенин кут-берекеңдин дарбазасын менин ажарымдын алдында ач жана Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен мээрмандыгыңды жана белектериңди мага жөнөт. 
О, Сен, мол берекенин Теңири! Сени сүйгөндөргө көктөн жардамыңды жөнөт жана Өзүңдө болгон кут-берекеңден тартуула. Бир Өзүңдөн канагат табалы, биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана ырайым кыл. Сен биздин Теңирибизсиң жана бардык жаратылыштын Теңирисиң. Сага жалынабыз жана Өзүңдүн мээрмандыгыңдан башканы сурабайбыз. Сен кең пейилдиктин жана ырайымдын Теңирисиң, жеңилбес күчкө Ээсиң, Өз ишиңдин Чеберисиң. Баарына Ээлик Кылуучу, баарынан Бийик Сенден башка Кудай жок. 
Элчилерге, олуяларга жана такыбаларга Өзүңдүн батаңды бере көр, о, кагылайын Теңирим. Акыйкатта, Сен Теңдешсиз, бардыгын Багындыруучу Кудайсың.

-The Báb
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15340)

О, Жараткан Алла! Бир Өзүңдөн гана башпаанек издейм жана жүрөгүмдү Сенин жышаандарыңа багыттайм. 
О, Теңир! Жолдо жүрсөм да, үйдө болсом да, өзүмдүн бардык иштеримде бир Өзүңө гана таянам.
Мен эч нерседен көз каранды болбош үчүн ар тараптуу жардамыңды жөнөт, о, ырайымдуулардын Ырайымдуусу!
Менин үлүшүмдү Өзүң каалагандай аныктап бер, о, Теңирим, жана мени Өзүңдүн ошол эркиңе канагаттанган пенделериңден кыл. 
Чексиз бийлик Сага гана таандык жана бийлик жүргүзүүчү жалгыз Өзүңсүң.

-The Báb
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15341)

О, айланайын Кудайым, кагылайын Теңирим, менин Башкаруучум! Мен журтумду таштап, жер үстүндөгү бар-жоктун баарынан бошонуш үчүн азаттыкты Өзүңдөн издейм, Сенин түшүнүгүңдө эмне мактоого татыктуу болсо, ошону кабылдоого даяр болууга умтулам. Сенден башка бардык нерседен көз карандысыз кылган кут-берекеңди тартуула, Өзүңдүн сансыз жакшылыктарыңдан мага молунан бере көр. Акыйкатта, Сен берекелүү ырайымдын Теңирисиң!

-The Báb
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15342)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сен менин Үмүтүмсүң жана Сүйүктүүмсүң, менин эң жогорку Умтулуум жана Эңсөөмсүң! Терең момундук менен жана Өзүңө чексиз берилүү менен жалбарам: мени Өз өлкөңдөгү сүйүүңдүн мунарасы кыл, жараткандарыңдын арасындагы Өз билимиңдин шамчырагына айлант жана Өзүңдүн падышалыгыңда Кудайлык жоомарттыгыңдын туусу кылып желбирет. Сенден башка бардык нерседен баш тарткан, бул дүйнөнүн көр оокатынан тазаланган жана куру кыялдардын азгырыктарынан бошонгон пенделериңдин катарына мени да кошо көр. Сенин падышалыгыңдын ишеним руху менен жүрөгүмдү кубанычка толтур, Өзүңдүн даңк падышалыгыңдан түшкөн улуу Теңирлик колдооңдун кошуундарынын жарыгы жанарымды нурлантсын. 
Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

БАЙЛАНБАСТЫК (#15343)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Бардык нерседен баш тарткан байланбастык чөйчөгүн мен үчүн толтуруп бер, Өзүңдүн көркөмүң жана белектериң менен мени курчап, Сага болгон сүйүү шарабы менен мени шаттандыр. Кумар жана эңсөөлөрдөн куткар, ушул өзгөрүлмө дүйнөнүн кишенинен мени бошот, шаттыкка бөлөнгөн Сенин көктөгү дүйнөңө жетеле, Өз күңдөрүңдө ыйыктыгыңдын деми менен мени сергит. 
О, Теңир, жүзүмдү Өзүңдүн берекеңдин жарыгы менен жаркырат, бардык нерсени багындырган күчүңдүн белгилери менен каректеримди нурга бөлө, жүрөгүмдү бардык нерсени камтыган илимиңдин даңкы менен ырахаттандыр, улуу кубаныч тартуулаган өмүр берүүчү кабарың менен жанымды шаттандыр, о, Сен, көк менен жер падышалыгынын Падышасы, о, Сен, үстөмдүк менен күчтүн Өкүмдары! Ошентип мен бардык жерде Сенин жышаандарыңды таратып, Өзүңдүн Ишиңди жарыялап, Сенин билимиңди жеткизейин, Мыйзамыңа кызмат кылып, Сөзүңдү көккө көтөрөйүн. 
Сен, Акыйкатта, бийлик Ээси, түбөлүк Сыйкор, Кудуреттүү жана бардыгынан Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

