Адамзат (#15324)

Мен сыйынган жана таазим кылган Кудайым! Сенин бирдигиңе жана жалгыздыгыңа күбөмүн жана Сенин өткөндөгү да, учурдагы да сый-белектериңди тааныйм. Сен бардыгынан Жоомартсың, ырыймыңдын нөшөр жамгыры өйдөдөгүлөргө да, төмөндөгүлөргө да бирдей төктү, мээримиңдин ажайып көркү баш ийгендерге да, ийбегендерге да бирдей жөнөтүлдү.
О, ырайымдуу Кудай, ырайымдуулуктун бар болгон маңызы Сенин эшик алдыңда кулдук урат, касиеттүү Ишиң ыйык рухтун назик камкордугу менен курчалган, Өзүңө жалбарып сурайбыз – түбөлүктүү кут-берекелериңди бизге төгө көр, ушул күндөрдө бизге ырайымдуу көздөрүң менен кара, болмуш дүйнөсүнүн бар-жогуна мээримиңди төк, Өз күндөрүңдө аларды кайрымыңдын берекесинен ажыратпа. Биз бир бечара мусаапырбыз, а Сен, акыйкатта, бардыгына ээлик Кылуучусуң, бардыгын Багындыруучусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Адамзат (#15325)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Сенин кут-берекең мага кайрат-күч берди, ал эми адилеттигиң менин жүрөгүмдүн үшүн алды. Кут-берекең кимге төгүлсө ал бактылуу, ал эми Сенин адилеттүүлүгүңө туш болгон азапка батат.
О, Аллам! Мен Сенин адилеттигиңден качып, кут-берекеңди издейм, жүзүмдү Сенин каарыңдан качырып, кечиримиңди сурап жалбарам. Сенин күчүң менен, өкүмчүлүгүң менен, даңкың жана Сенин ырайымың менен жалынам: адамзатты Өз билимиң менен жаркырат, бардык жандар Өзүңө ылайык келген иштерди жасасын, Өзүңдүн кудуретиңдин сырларын ачып, билимиңдин жарыгын чагылдырсын.
Бардык жаратылгандарга өмүр берген, назик камкордугу менен көрөгөчтүгүнүн нурун чачкан Өзүңсүң. Сен бардыгынан Жоомартсың, Изгисиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

Адамзат (#15326)

О, Теңир! Жер жүзүндөгү бардык адамдарга Өзүңдүн Ишенимиңдин Бейиш Багына кирүүгө уруксат эт, бир дагы жан Өзүңдүн мээримиңден чет калбасын. 
Эзелтен бери каалаганыңды жасаганга эрктүүсүң жана Өз каалооң боюнча бардыгынан Жогорусуң.

-The Báb
-----------------------

Адамзат (#15327)

О, изги Теңир! Сен бүткүл адамзатты бир тамырдан жараттың. Бардыгын бир үй-бүлөгө таандык болууну буюрдуң. Өзүңдүн ыйык тагыңдын алдында баары Сенин пенделериң, бүтүндөй адамзат тукуму Сенин Чатырыңдын алдында баш калка тапты, бардыгы Жоомарт дасторконуңдун алдына чогулуп, Сенин Кудуреттүү Жарыгыңа бөлөндү.
О, Кудай! Сен бардыгына мээримдүүсүң, ар бирин калкалап кам көрөсүң, бардыгына өмүр тартуулайсың. Ар бир адамга Сен өнөр жана жөндөм бердиң, бардыгын ырайымдуулук мухитиңе чөмүлттүң.
О, изги Теңир! Адамзаттын башын бириктир, диндер ынтымакка келип, бардык улуттар бир элге бириксин, алар өздөрүн бир үй-бүлө деп санап, бүткүл жерди – жалпыбыздын үйүбүз деп эсептесин. Ылайым, баары биригип  ынтымакта жашасын.
О, Кудай! Калк биримдигинин туусун бийик көкөлөт. 
О, Кудай! Улуу Тынчтыкты орнот. 
Бардык жүрөктөрдү бириктир, о, Жараткан.
О, Сен, ырайымдуу Алла! Жүрөктөрүбүздү Сенин сүйүүңдүн жыпар жыты менен шаттандыр! Көздөрүбүздү Өзүңдүн жетекчилигиңдин жарыгы менен нурлант! Кулагыбызды Сөзүңдүн обону менен жыргат жана баарыбызды Өзүңдүн Болжомуңдун чебинде калкала.
Сен Кудуреттүүсүң жана Кубаттуусуң, Сен Кечиримдүүсүң; адамдардын кемчиликтерине көз жумган бир Өзүңсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Адамзат (#15328)

О, Кайрымдуу Теңир! О, Жоомарт жана Кудуреттүү! Биз Сенин Кудуретиңдин көлөкөсү алдында башпаанек тапкан пенделериңбиз. Бизге ырайымдуу көздөрүң менен кара. Каректерибизге жарык нур бер, кулагыбызды ач, жүрөгүбүзгө түшүнүк менен сүйүү бер. Жакшы кабарларың менен жаныбызды жыргат, шаттандыр. О, Кудай! Бизге Өз Падышалыгыңа карай жол көрсөт, Ыйык Рухуңдун деми менен бизди тирилт. Түбөлүктүү өмүр тартуула жана бүтпөс даңкка бөлө. Бүт адамзаттын башын бириктир жана адамдар дүйнөсүн билимиң менен агарт. Сенин жолуң менен гана жүрөлү, Өзүңдүн ырайымыңды гана каалап, Сенин падышалыгыңдын сырларына умтулалы. О, Теңир! Бизди бириктир, жүрөктөрүбүздү үзүлбөс учугуң менен байла. Акыйкатта, Сен Сыйкорсуң, Изгисиң, Кудуреттүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

Адамзат (#15329)

О, изги Теңир! О, Сен, Жоомарт жана Кайрымдуу! Биз Сенин биримдигиңдин көлөкөсүнө чогулган босогоңдун алдындагы пенделериңбиз. Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун Күнү бардыгына бирдей жаркырап тийип турат, кайрымдуулук булуттарың бардыгына төгүлүүдө. Сенин белектериң бардыгына бирдей жетет, даанышман Жетекчилигиң бардыгын чыңдайт, Өзүңдүн камкордугуң бардыгын шыктандырат жана мээримдүү каректериң ар бирине тигилген. О, Теңир! Түгөнбөс белектериңди жөнөт бизге жана Сенин жетекчилигиңдин жарыгы жаркырап төгүлсүн. Көзүбүздү жарык кыл, жан дүйнөбүздү түбөлүктүү бакыт менен кубант. Бардык адамдарга жаңы рух түшүр жана түбөлүктүү өмүр тартуула. Чыныгы түшүнүктүн дарбазасын ач, ылайым, ишенимдин жарыгы бүт көркөмү менен жаркырасын. Өзүңдүн жоомарттыгыңдын көлөкөсү алдында бардык адамдарды чогулт жана алар бир күндүн нурлары, бир мухиттин толкундары, бир дарактын жемиштери сымал ынтымакта жана тынчтыкта жашасын. Чаңкоолорун бир булактан кандырсын. Бардыгын бир желаргы сергитсин. Бир жарыктын булагынан нурлансын. Сен Сыйкорсуң, Ырайымдуусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

